​ПЭРЭТО эксперттери менен Кыргызстандагы HoReCa ассоциациясынын өнөктөштүк кызматташуусу
28-10-2022

Бишкекте “Жашыл технологияларды практикалык колдонуу жана HoReCa секторунда каржылык оптималдаштыруу” тренинги өттү.

Борбордогу 30дан ашык кафелердин, ресторандардын жана мейманканалардын ээлери курчап турган чөйрөгө зыян келтирбестен, чыгымдарды азайтып, бизнести жакшыртуучу заманбап электр кубатын жана ресурстарды үнөмдөөчү чечимдер менен таанышты.

Атап айтканда, эксперттер семинардын катышуучуларына ашкана жана бар өндүрүш процесстерин, тазалоо процесстерин өркүндөтүү жөнүндө айтып беришти, ошондой эле идиш жуугучтарды колдонуунун натыйжалуу чараларына токтолуп кетишти.

Бул окутуп-үйрөтүү ПЭРЭТО долбоорунун эксперттеринин жана Кыргызстандагы HoReCa мейманканачылар жана рестораторлор Биргелешкен өнөктөштүк кызматташтыгынын натыйжасы болуп саналат.