ПЭРЭТО эксперти Биринчи Радионун угуучуларына электр кубатын үнөмдөөчү чаралар жана "жашыл" экономика жөнүндө айтып берди
17-06-2022

ПЭРЭТО долбоору өзүнө туруктуу өндүрүштү жана керектөө тажрыйбаларын, ошондой эле HoReCa жана туризм секторунда жаңыланып туруучу электр кубатынын булактарына (ЖЭБ) негизиделген жабдууларды киргизүүнү камтыйт: курорттор, санаторийлер, пансионаттар, конок үйлөрү ж.б. Биз ПЭРЭТО долбоорунун алкагында бир нече багытта иштейбиз. Бул климаттын өзгөрүшү, кубаттуулуктун натыйжалуулугу жана жаңыланып туруучу электр кубатынын булактары, ошондой эле ак ниет башкаруу. Бул көмүр кычкыл газынын чыгындыларын кыскартуу, кубаттуу ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, энергиянын таза булактарын пайдалануу сыяктуу "жашыл өсүү" принциптерин камтыган программалык иш-аракеттердин өз ара байланышкан багыттары жана кыйла маанилүүлүгү – ресурстарга адилеттүү жетүү жана чечимдерди кабыл алуунун ачык-айкындыгы.

Көйгөйлөдү талдоо, мыйзам чыгаруу жана практикалык колдонууну кошуп алганда, ишти бир нече деңгээлде жүргүзөбүз, бул бизге талдоонун негизинде аргументтүү сунуштарды талкуулоого жана коомчулуктун деңгээлинде мектептерди, үйлөрдү жылуулоо, күн батареяларын жана коллекторлорду орнотуу сыяктуу практикалык үлгүлөрдү жайылтууга мүмкүндүк берди.

Электр кубатын үнөмдөөчү, туруктуу имарат "жашыл экономика" принциптерин ишке ашыруунун бир ыкмасы болуп саналат жана турак жайды жылытууга кеткен каражаттарды кыскартуу, үйдөгү жылуулук микроклиматын жакшыртуу жана ден соолуктун терс көрсөткүчтөрүн кыскартуу сыяктуу көптөгөн социалдык жана экономикалык проблемаларды чечүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түзөт

Сууктун түшүшү менен, аз камсыз болгон көптөгөн үй-бүлөлөр жылытуу үчүн көмүр жана отун сатып ала албай, жылытуу мезгилинде бир бөлмөдө баш паанек болууга аргасыз болушканы жашыруун эмес, ал эми суук бизде алты айга созулушу мүмкүн", - деп жыйынтыктады Салават.

Ошондой эле радио угармандар актуалдуу жана кызыктуу суроолорду берип, аларга Салават кеңири жоопторду берди. Биздин эксперт менен эфирдин толук жазмасын бул жерден угуп же көрө аласыз