ПЭРЭТОнун киришүү семинары : милдеттери, максаттары, пландары
27-07-2021

COVID-19 пандемиясы учурунда кызматчыларды, меймандостук чөйрөсүнүн конокторун жана жаратылышты кантип сактап калууга болот? ПЭРЭTO долбоорунун алкагында, 2020-жылдын декабрында, Кыргызстандын туруктуу өндүрүшү жана керектөөсү (ТӨК) боюнча комментарийлери бар ""HoReCa сегменти үчүн COVID Free колдонмосу"" иштелип чыккан.

ПЭРЭTO долбоорунун командасы ""HoReCa сегменти үчүн COVID Free колдонмосун"" Кыргызстандын меймандостук секторуна жана коомчулукка тааныштырганына кубанат. Ал Европа Биримдигинин SWITCH Asia программасынын каржылык колдоосунун аркасында ишке ашырылып жаткан “Кыргыз Республикасынын туризм тармагындагы электр кубаты жана ресурстардын натыйжалуулугун илгерилетүү” долбоорунун алкагында (ПЭРЭTO), Борбор Азиядагы Америка Университети (БААУ), UNISON Group, Technopolis Group жана Centre on Sustainable Consumption and Productionдердин (СSCP) колдоосу менен ОЮЛ «Ассоциация HoReCa Club» тарабынан иштелип чыккан.

Колдонмонун авторлору алдыларына койгон максат - COVID-19 эпидемиясынын кесепеттерин жеңип чыгуу үчүн ата мекендик HoReCa секторуна абдан толук, пайдалуу жана практикалык маалымат берүү болгон.

Бардык маалыматтар ушул жерде топтолгон:

  • коронавируска байланыштуу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы бардык ченемдик-укуктук актылары жөнүндө;
  • HoReCa секторуна тиешелүү ченемдик-укуктук актылардан үзүндүлөр, зарыл болгон түшүндүрмөлөрү менен;
  • Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан пандемия учурунда иштелип чыккан маалыматтык-билим берүүчү материалдар;
  • өзүн-өзү текшерүү үчүн текшерүү барактары (чек-лист);
  • Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмдарынын (ДСУ) сунуштары;
  • маанилүү терминдерди жана аныктамаларды түшүндүргөн сөздүк;
  • тема боюнча маалыматка пайдалуу шилтемелер ж.б.

Колдонмонун өзгөчөлүгү - анын беттеринен туруктуу өндүрүш жана керектөө (ТӨК) боюнча комментарийлери менен экологиялык практикалык кеңештерди көрө аласыз (колдонмодогу жалбырагы менен жашыл түстөгү маалымат блокторун караңыз). ПЭРЭTO долбоору Кыргызстандагы электр кубатын жана ресурстардын натыйжалуулугун илгерилетүүгө багытталган, ошондуктан бул сунуштар HoReCa секторуна таштандыларды, электр кубатын жана сууну керектөөнү жеткире азайтууга, айлананы, жайларды, идиш-аяктарды дезинфекциялоону камсыз кылуу үчүн кыйла жумшак тиричилик химиялык каражаттарды, бир жолу колдонула тургандын ордуна көп жолу колдонула турган бет кап жана идиштерди колдонууга ж.б. жардам берет деп ишенебиз. Колдонмо эки тилде - кыргыз жана орус тилдеринде даяр жана жалпыга жеткиликтүү. Орус тилиндеги колдонмону бул жерден, кыргыз тилинде бул жерден жүктөсөңүз болот, ошондой эле ПЭРЭTO долбоорунун жана Кыргызстандын HoReCa Club Ассоциациясынын социалдык тармактарынан таба аласыз. Же бизге [email protected] же [email protected] электрондук дарекке жазыңыз, жана биз сизге колдонмону электрондук түрдө (PDF форматында) жөнөтөбүз. Сиздердин пикириңиздерди уккубуз келет! Өзүңүздөрдүн оюңуздарды социалдык тармактарда биз менен бөлүшүңүз же бизге электрондук почтага жазыңыз.