​Ош шаарындагы жашыл технологиялар коомдук тамактануу тармактарынын туруктуу өнүгүшүнө көмөк көрсөтөт
01-02-2023

"Гренки" кафеси түштүк борбордун толтосунда жайгашкан жана электр кубаты менен ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу чараларын жайылтуу боюнча иштерди салыштырмалуу жакында эле аяктады.

Мекеменин жалпы аянты 300 чарчы метрди түзөт, ал эми тамактары болсо түрдүүлүгү менен айырмаланат. Ошондой болсо да, азыр кафе башка туристтик жайлардан ашканасы менен гана эмес, жашыл инновацияларды колдонуусу менен да айырмаланып турат.

2022-жылдын августунда эле ПЭРЭТОнун алкагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлуп, долбоордун Оштогу адистик кеңеш берүүчүсү Нурлан Ирисов «Гренки» кафесинин ээси Нурлан Токтошевге электр кубатын үнөмдөөчү чараларды киргизүү зарылчылыгы тууралуу маалымат берүү боюнча иш жүргүзгөн.

Жыйынтыгында, Нурлан Токтошев инвестицияларды тартып, электр кубатын үнөмдөөчү жарыктандырууну, соргуч-желдеткичтерди, суу үнөмдөөчү чабыштыргыларды, жылытуу функциясы бар А+ классындагы кондиционерди сатып алып орнотту, ошондой эле полдорду жылуулады.

«Натыйжалар сезилерлик, имарат жылуу жана жарык болуп калды. Мурда кондиционерлер жетишсиз жана желдеткичтер жок болсо, эми залдын абасы тазараак болуп калды. Ашканада пол куйма менен жылууланган, мурда полдо кафель эле болчу, суук болуп кызматчылар көп ооруп калышчу. Ишкер катары жашыл технологияларды да, колдонуунун пайдалуулугун да баалайм – электр кубаты үчүн 5000 сомго аз төлөй баштадым. Биз ПЭРЭТО менен кызматташууну чын ниеттен улантабыз, келечекте күн коллекторун орнотууну каалайбыз, анын пайдасын эсептеп чыктык», — деди Нурлан Токтошев.

«Жүзөгө ашырылган иш-чаралардан кийин кафе бир топ жылуу жана ыңгайлуу болуп, мекеме өзүнүн турпатын жаңыртып, беделин көтөрдү, келгендер көбөйүп калды. Жашыл технологиялар кардарлардын жүрөгүн багындырып, мекеменин турпат-беделине абдан жакшы таасирин тийгизет. Мындай экологиялык демилгелер атаандаштардан өзгөчөлөнтүп гана тим болбостон, баарына кеткен чыгымдарды да жакшы үнөмдөйт, бирок эң маанилүүсү – бул курчап турган чөйрөгө кам көрүү, атмосферага зыяндуу чыгындыларды чыгарууну азайтуу, биз туризм сектору барган сайын мындай зарылчылыкты көбүрөөк түшүнө баштагандарына кубанычтабыз», - деп бөлүштү Нурлан Ирисов.

Адистик кеңеш алуу үчүн Нурлан Ирисовго Ош шаарындагы 0558 901217, 0708 901217, 0770 901219 тел. боюнча кайрылууга болот.

Бардык консультанттардын байланыш маалыматы