​ПЭРЭТОнун колдоосу менен Жалал-Абад шаарындагы «Good night» конок үйү жылуулоону жана үнөмдөөнү улантууда
24-01-2023

Бул «Good nightтын» ээлери, ошону менен катар анын меймандары үчүн биринчи кыш. ПЭРЭТОнун Жалал-Абад боюнча эксперти Асылбек Абдыкадыров 2022-жылдын жаз айларынан - имарат тургузулгандан баштап адистик кеңешин бере баштаган.

Азыр эми имарат толугу менен жылууланган: суук түшөр алдында 150 чарчы метрге жакын аянты менен мансарддар пенополиуретан менен жылууланган, имаратта жылуулукту үнөмдөөгө көмөк бере турган электр кубатын үнөмдөөчү казан орнотулган.

«Бул менин жылуулоо боюнча биринчи тажрыйбам, мурда мен андан абдан алыс болчумун, анткени биз үйүбүздү эч качан жылуулаган эмеспиз. Ал эми январь айында болсо, бул катуу суукта сапаттуу жылуулоонун зор роль ойногонуна ынандык. Азыр жылытуу 40% иштеп жатат, биз аны күндүз да жакпайбыз, -5те бөлмөдө ыңгайлуу температура байкалат. Жакында эле Жалал-Абаддан бир кардарыбыз келип кетти, ал биздин отелди бөлмөлөрүнүн жылуулугу үчүн тандап алганын, бул ал үчүн башкы чен-өлчөм экенин айтты”, - деп бөлүштү «Good nightтын» ээси Кубанычбек Качкынбаев.

Анын айтуусу боюнча, жанында конференц-залы жана ашканасы менен дагы бир корпус бар, бирок бул имарат азырынча жылуулана элек, жылуулугунун айырмасы да кыйла сезилет. Ал жерде жел катуу согот, андан улам ашканада жана дааратканаларда суу тоңуп калган.

Асылбек Абдыкадыров белгилегендей, жылуулоо иштерине чейин электр кубатынын өчүрүлүшү мүмкүн болчу тобокелдиктерди эске алуу менен техникалык эсептөөлөр жүргүзүлгөн.

Ар бир аймакта электр кубаты менен ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, турак жай жана коммерциялык имараттарды жылуулоо, туруктуу өндүрүш жана керектөө маселелери боюнча сиздерге жардам бере турган ПЭРЭТОнун адис кеңешчиси бар экенин эсиңиздерге салабыз.

Жалал-Абад шаарында адистик кеңеш алууга 0557 901216, 0779 901216, 0507 901216 тел. номерлерине кайрылууга болот

Бардык консультанттардын байланыш маалыматы