ПЭРЭТО: Ысык-Көл областы туризм тармагына “жашыл” технологияларды киргизүү боюнча лидер болуп саналат
01-10-2021

Учурда Ысык-Көл областы HoReCa жана туризм секторундагы объектилердин саны боюнча (мейманканалар, конок үйлөр, отелдер, боз үй лагерлери, тоо лыжа базалары, ресторандар, кафелер жана чайканалар) жаңыланып туруучу электр кубатынын булактарына негизделген жабдууларды орноткондордун саны боюнча лидер болуп саналат (ЖЭБ). Бул тууралуу “Юнисон Групптун” жетектөөчү инженери Жаныбек Кулумбетов PЭRЭTO долбоорун жүзөгө ашыруунун алкагында «КРда HoReCa секторун өнүктүрүү үчүн туруктуу өндүрүш жана керектөө чараларын (ТӨК), ошондой эле электр кубатынын жана ресурстардын натыйжалуулугун (ЭРН) жайылтуу» тренингинин жыйынтыктары боюнча билдирди.

Адистердин пикири боюнча, Ысык-Көл областында туристтик объектилердин көптүгү, технологияларды жөнөтүүчүлөрдүн, ошондой эле жабдууларды орнотуу боюнча адистердин жеткиликтүүлүгүнө байланыштуу.

Ысык-Көл областынын HoRеCa жана туризм секторунун бизнесмендери «жашыл» технологияларды киргизүү боюнча кыйла тажрыйбага ээ жана азыр алар мурда орноткон жабдууларды өркүндөтүүнү, башкача айтканда, инновациялардын дараметин толук пайдаланууну каалашарын инженер Жаныбек Кулумбетов белгилеп өттү.

«Биз Чолпон-Ата, Каракол шаарларында, ошондой эле Жыргалаң жана Кызыл-Суу айылдарында тренингдерди өткөрдүк. Жыйынтыгында дагы көп ишкерлер өздөрүнүн объектилерине “жашыл” инновацияларды киргизүүнү каалагандарын билдиришти. Азыркы тапта Каракол шаарындагы «Дуэт- Meeting-Point» кафесин комплекстүү жылуулоо иштери жүргүзүлдү, учурда кийинки чараларды киргизүү баскычында турат (ЭРН). Мындан сырткары, Тоң районунда бир объект имаратты жылуулоодо, калгандары даярдык баскычында. Ысык-Көл областынын айрым бизнесмендери өздөрүнүн объектилерине ТӨК жана ЭРН чараларын киргизүү боюнча техникалык консультация алуу үчүн да биздин кеңсеге келишкени жакшы көрүнүш», - деп белгиледи эксперт.