ПЭРЭТО эксперттери жана өнөктөшү С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин студенттери үчүн конок лекцияларын өткөрүштү
14-12-2022

ПЭРЭТО долбоорунун милдеттеринин бири - туруктуу өндүрүш жана керектөө, ресурстарды жана электр кубатын сарамжалдуу пайдалануу принциптерин туризм боюнча билим берүүгө бириктирүү. Долбоордун эксперттик колдоосу менен биринчилерден болуп окуу планын жаңырткан университеттердин бири Туризм академиясы болду. 2022-жылдын сентябрынан баштап Академия долбоорду башкарууда электр кубатын сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле туруктуу керектөө жана өндүрүш принциптерин камтыган окуу планын жүзөгө ашырып келет. Туризм боюнча билим берүүдө ийгиликтүү тажрыйбасы жана заманбап багыттары менен бөлүшүү максатында 12-декабрда Туризм академиясынын туризм кафедрасынын башчысы Нургүл Жапарова ПЭРЭТО эксперттери менен биргеликте Нарын мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы жана ректору менен жолугушууларды өткөрдү.

13-декабрда университеттин студенттери менен жолугушуу болуп өттү. ПЭРЭТО эксперттери Максат Дамир уулу, Жаныбек Кулумбетов жана Нургүл Жапарова алар үчүн конок лекцияларын өткөрүштү.

Нургүл Жапарова студенттерге Туризм академиясында окуунун жүрүшү кандай уюштурулганын, окуу программаларынын өзгөчөлүктөрүн жана жаңычылдыктарын айтып берди, угуучуларга окуунун алгачкы күндөрүнөн баштап эле белсемдүү болууну жана такшалмадан өтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөөнү сунуштады. «Биз студенттерибизди жумушка орноштурбайбыз, алар өздөрү жумуш берүүчүлөрдү издеп, кайсы жерден тажрыйба алууну, окууну жана мансапты мерчемдөөнү өздөрү тандашат», - деди ал.

ПЭРЭТО эксперти Жаныбек Кулумбетов туризм секторунда электр кубатын жана ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу темасын, чакан жана орто ишканалардын керектөөлөрүн жана бул темалар окуунун жүрүшүндө студенттердин билимдери жана көндүмдөрү бизнес, убакыт жана эмгек рыногунун талаптарына жооп бергидей кантип бириктирүү зарыл экенин ачып берди.

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети 2023-жылы «Туризм» багыты боюнча студенттерди ачык кабыл алууну мерчемдөөдө. ПЭРЭТО командасы Нарын мамлекеттик университетине «Туризм» жаңы багыты боюнча окуу планына электр кубаты жана ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу темаларын киргизүү үчүн эксперттик колдоо көрсөтүүгө даяр.