Туризм академиясы жана ПЭРЭТО долбоору Кыргызстандагы ЖОЖдордун жетекчилигинин жана окутуучуларынын катышуусунда тегерек стол өткөрдү
13-10-2022

Кыргызстандагы туристтик сектор экономикалык өсүштүн дараметтүү кыймылдаткычы катары каралат жана 2018-2040-жылдарга Улуттук өнүктүрүүнүн түпкү максатында артыкчылыктуу секторлордун бири болуп эсептелет.

Бирок туристтик өнөр кесибин өнүктүрүү кесипкөй кадрларды талап кылат. Кыргызстанда 15тен ашык ЖОЖдор “Туризм” жана “Мейманкана ишмердүүлүгү” багыттары боюнча окутат. Кадрларды даярдоонун деңгээли өлкөнүн туристтик дараметин жүзөгө ашырууга таасирин тийгизет. Бүгүнкү күндө туруктуу туризм барган сайын талапка ээ болуп жатат, ошондуктан ыңгайлуу, туруктуу туристтик жайларды кантип курууну, аларды кантип башкарууну жана натыйжалуу менеджмент деген эмне экенин билүү өтө маанилүү. Туризм боюнча адистер билим берүүнүн сапатын жана учурдагы маанилүүлүгүн жогорулатуу жолу менен жетишүүгө мүмкүн болгон атайын билимдерге, көндүмдөргө жана иш билгиликтерге муктаж.

ПЭРЭТО долбоорунун максаттарынын бири - туристтик билим берүүдө туруктуу өндүрүштүн жана керектөөнүн, ресурстардын жана электр кубатынын натыйжалуулук принциптерин жуурулуштуруу. Долбоордун эксперттик колдоосу менен, биринчилерден болуп окуу планын жаңырткан университеттердин бири Туризм академиясы болду. 2022-жылдын сентябрынан баштап Академия ресурстардын жана электр кубатынын натыйжалуулугун, ошондой эле туруктуу керектөө жана өндүрүш принциптерин долбоордук менеджментке камтыган окуу планын жүзөгө ашырып келүүдө. Туристтик билим берүүдөгү ийгиликтүү тажрыйбасы жана учурдагы мүнөздүү багыттары менен бөлүшүү үчүн 12-октябрда саат 9:00дө (Парк отели, Ballroom залы) Туризм академиясы жана ПЭРЭТО долбоору Кыргызстандын ЖОЖдорунун жетекчилигинин жана окутуучуларынын катышуусунда «Туристтик билим берүүгө туруктуу өндүрүш жана керектөө, ресурстарды жана энергияны үнөмдөө темаларын интеграциялоо» тегерек стол өткөрүшөт.

Бул иш-чара электр кубаты менен ресурстардын натыйжалуулугу жана туризм боюнча эл аралык жана жергиликтүү эксперттерди, Билим берүү министрлигин, Туризм департаментин, университеттерди, ишкерлерди бириктирет, бул академиялык бизнес сектору менен кызматташтыкты бекемдөөгө көмөктөшөт, демек туристтик билим берүү рыноктун жана мезгилдин талаптарына мыкты жооп берет.

Долбоордун эксперттери туруктуу өнүгүү максаттарына жана туризм менен HoReCa чөйрөсүндөгү бизнестин ишке ашырууга боло турган талаптарына ылайык, ЖОЖдордун окуу пландарын түзүмдүк жана мазмундуу жаңылоодо ар тараптуу колдоо жана жардам көрсөтүүгө даяр.

Долбоордун адистери ПЭРЭТОнун адистик кеңешинин колдоосу менен электр кубатынын жана ресурстардын натыйжалуулугу боюнча иш-чараларды киргизишип, өз чыгымдарын жана экологияга терс таасирин азайтышкан туризм жана HoReca чөйрөсүндөгү чакан жана орто бизнестин ишканаларынын практикалык мисалдары менен окуу куралын-жыйнагын тааныштырышат. Иштеп жаткан туристтик жайларды практикалык жана майда-чүйдөсүнө чейин талдоо студенттердин окуусунун ажырагыс бөлүгү болот. Долбоордун тематикалык басылмалары туризм чөйрөсүндөгү болочок адистер үчүн гана эмес, окутуучулар үчүн да пайдалуу.