​ПЭРЭТО эксперттери Бишкекте “Жашыл каржылоо жана жеке сектор үчүн туруктуу туризм” тренингин өткөрүүдө
07-10-2022

Кыргызстандын түштүгүндө окутуп-үйрөтүүчү иш-чаралар аяктагандан кийин, ПЭРЭТО эксперттери азыр туристтик бизнестин жана HoReCaнын түндүк аймактарынан: Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас областтарынын ишкерлери үчүн тренингдерди өткөрүп жатышат.

Чакан жана орто ишканалардын ээлери заманбап жаңы технологиялар жана өздөрүнүн бизнесине туруктуу өндүрүш жана керектөө принциптерин киргизүүнүн жаңы ыкмалары менен таанышат.

«Жеке сектор үчүн жашыл каржылоо жана туруктуу туризм» тренинг программасы туристтик бизнестин керектөөлөрүн эске алып түзүлгөн жана абдан актуалдуу темаларды жана суроолорду камтыйт: тамак-аш калдыктарын эмне кылуу керек, жашыл фонддорду кайдан тартуу керек, айланма экономика деген эмне жана аны кантип жылдыруу керек, экинчилик чийки заттарды кайра иштетүүнүн алдыңкы тажрыйбаларын, жаңыланып туруучу электр кубатынын булактарын кантип ишке киргизүү керек.

CSCP (Германия) жана Technopolis (Бельгия) эл аралык ПЭРЭТО эксперттери туристтер жана меймандар үчүн туристтик бизнестин негизги курамы катары туруктуу керектөө жана өндүрүш менен туруктуу өнүмдөрдү өнүктүрүү темаларын майда-чүйдөсүнө чейин талдап чыгышты. Чакан топтордогу практикалык иштердин жүрүшүндө ишкерлер иштеги бизнестердин мисалында аларды кызыктырган бардык суроолорду жана кыйынчылыктарды ийне-жибине чейин талдашты.

«Биз экодолбоорлорду жасап жатабыз жана жашыл технологияларды киргизгибиз келет, бул жерде биз стратегияларды жана чечимдерди издейбиз, бул 2 күндө - семинарга жана тренингге катышуу менен, идеяларды жана түшүнүктөрдү алдык, биз жаңы усулдарды иштеп чыгабыз, бардыгы кызыктуу жана маалыматуу болду, чоң рахмат!”, - деди тренингдин катышуучусу, “Кыргыз Жер” кооперативинин өкүлү Александр Кенсин.

8-октябрда Чүй областында электр кубатын жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды ийгиликтүү ишке киргизген туристтик жайларга баруу уюштурулат.