ПЭРЭТОнун эксперттеринин сунушу боюнча Жалал-Абаддагы “Good night” отели электр кубаты натыйжалуу технологияларды ишке киргизди
30-08-2022

Бул туристтик жай этникалык стилде курулган, 3 кабатты ээлеп, 25ке жакын мейманды жайгаштырууга эсептелген. Отель ушул жылдын май айында иштей баштаган, негизги кардарлары Кыргызстандын тургундары жана чет элдик туристтер.

Мейманкананын ээси Кубанычбек Качкынбаев 2021-жылы Жалал-Абадда туризм сектору үчүн ПЭРЭТО тренингине (окутуп-үйрөтүүгө) катышканын айтып берди. Тренингде ал «жашыл» технологияларга кызыгып, дароо долбоордун адис кеңешчиси Асылбек Абдыкадыровго жардам сурап кайрылган.

«Тренинг учурунда имараттын бетмаңдай иштери аткарылып жаткан, кантип туура жылуулоону билчү эмесмин, болгону 1 катар кирпич бар болчу. Адис кеңешчи Асылбек курулуш-монтаждоо иштерин кандайча жакшы жүргүзүү керектигин айтып берди. Азыр бизде имаратыбыздын бардык кабаттарында тиешелүү жылуулук бар», - деп бөлүштү Кубанычбек Качкынбаев.

Жайдын бетмаңдайы 5 см калыңдыктагы базальт менен жылууланды. Бардык жарыктандыруулары электр кубатын үнөмдөөчү жарыктарга алмаштырылды. Эми учурманын (мансарда) чатырын жылуулоо мерчемделүүдө.

Туристтик жайдын ээси «жашыл» технологияларды киргизүүнү улантууга ниеттенүүдө: бөтөлкөлөрдөн, металлдан, картондон, кагаздан таштандыларды иргөө иштери жүрүп жатат. Батарейкалар да өзүнчө жыйналууда.

«Курчап турган чөйрөгө кам көрүү керек, аны коргоо керек, аны биз аткарбасак, анда ким? Ар бир бизнес курчап турган чөйрөгө минималдуу, адамдарга оң таасирин тийгизиши керек. Жакында Швейцариядан туристтер мейман болушту, таштандыларды иргеп жатканыбызды көрүп аябай таң калышты. Муну Кыргызстанда биринчи жолу көрүп жатышканын айтышты. Көрсө, Швейцарияда таштандыны иргөө тиш жуугандай эле табигый нерсе экен. Туристтер бизди керектөөгө аң-сезимдүү мамиле кылганыбыз үчүн макташты”, - дейт Good night мейманканасынын ээси.

ПЭРЭТОнун адис кеңешчиси Асылбек Абдыкадыров ошондой эле “Good night” отелине күн такталарын, газ отказанын орнотууну, ал эми керек учурда “Дос Кредобанкка” кайрылууга болорун сунуштады. Банктын адис кеңешчилери да жардам берүүгө даяр: биз ПЭРЭТО, Юнисон Групп жана Дос Кредобанктын туризм секторун өнүктүрүүгө жана электр кубаты натыйжалуу жана ресурсту үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө багытталган биргелешкен «Эко-туризм» «жашыл» кредит өнүмү жөнүндө эске салабыз.

Биздин адис кеңешчилерибиздин байланыштары