Ош шаарындагы «Памир» кафе-чайканасы HoReCa чөйрөсүнө жашыл технологияларды киргизүүнүн дагы бир ийгиликтүү мисалы
17-08-2022

«Памирдин» кожоюну мекеменин ыңгайлуулугун жогорулатууга, чыгымдарды жана абага зыяндуу чыгындыларды чыгарууну азайтууга кантип жетишкени менен бөлүшөт.

Аянты 300 чарчы метр «Памир» Ош кафе-чайканасы Ош шаарынын борборунда жайгашкан жана 10 жылдан ашык убакыттан бери өзүнүн кардарларын салттуу улуттук тамактары менен кубандырып келет. Бул убакыттын ичинде имарат бара-бара эскире баштаган, темир чатыры жайында ысып, залда дем жок эле. Бардык жерде ысычу лампалар орнотулуп, электр кубатына төлөмдөр жыл сайын өсүп турган.

Бул анда электр кубатын көп талап кылган жабдуулар колдонулгандагы, демек, суук жана ысык мезгилде ыңгайлуулукту түзүү үчүн көптөгөн чыгымдар талап кылынгандагы Кыргызстандагы HoReCa чөйрөсүндөгү бизнестин типтүү көрүнүшү. Ал эми климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу мындай күндөр жыл сайын улам-улам көбөйүүдө. Кыргызстан боюнча биздин адис кеңешчилер электр кубатын үнөмдөөчү чараларды киргизүү аркылуу бул көйгөйлөрдү чечүүгө ишкерлерге жардам беришет – адистик кеңештер акысыз.

2021-жылы ПЭРЭТОнун аймактык адис кеңешчиси Нурлан Ирисов «Памирге» барган жана кафенин ээси Ибрагим Ражаповго электр кубатын жана ресурстарды үнөмдөөчү чараларды киргизүүнүн артыкчылыктары тууралуу айтып берген. Бул жолугушуудан кийин жашыл технологияларды жана электр кубатын үнөмдөөчү чараларды киргизүү боюнча бир катар адистик кеңештер жана сунуштар берилип, андан соң эле аларды жүзөгө ашыруу жана оңдоо иштери 2022-жылы башталган.

Пол 5 см калыңдыктагы пенопласт менен жылууланган, шыбы да пенопласт жана минерал кебез менен жылууланган, эски терезелер эки кабат айнектелген төрт камералуу пластик терезелерге алмаштырылган. Кафеде эски ысычу лампалардын ордуна жарык диоддук жарыктандыруу пайда болду.

«Быйыл кыш жылуу болот деп үмүттөнөбүз. Жайында ысык, кышында суук болгон. Оңдоп-түзөөдөн кийин кардарларга шарттар ыңгайлуураак болуп калды. Бардык лампаларды алмаштыргандан кийин залда жарык болуп калды, электр кубатын аз колдоно баштадык, төлөмдөр 50%га азайды. Жардамы жана адистик кеңештери үчүн ПЭРЭТОго ыраазычылык билдиребиз», - деди Ибрагим Ражапов.

Адис кеңешчи Нурлан Ирисов «Памир» кафе-чайканасында кыш мезгилинде газ менен жылытууга өтүү мерчемделип жатканын, бул абага зыяндуу чыгындыларды чыгарууну азайтарын билдирди.

Сизге да жардам керекпи? Биздин адис кеңешчилердин байланыштары бул жерде