HoReCa жана туризм боюнча өнөктөштөрүбүздү "Kyrgyz Tourism Awards 2022" сынагына катышууга чакырабыз
09-08-2022

Урматтуу өнөктөштөр,

Биз сизге электр кубатынын жана ресурстардын натыйжалуу технологияларын ишке киргизүү боюнча тажрыйбаңыз менен бөлүшүү, өзүңүздү таанытуу, “жашыл” ишкананын үлгүсү болуу жана “Туруктуу туризм боюнча мыкты долбоор” сыйлыгын жеңүү үчүн сонун мүмкүнчүлүктү сунуштайбыз.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаменти “Kyrgyz Tourism Awards” сынагын жарыялайт. 18 номинациянын ичинен “Туруктуу туризмдин мыкты долбоору” сыйлыгын өзгөчө белгилеп кеткибиз келет.

Сынакка мейманкана бизнесинин бардык өкүлдөрү, санаториялык-курорттук мекемелер, 3 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар туризм жана меймандостук жайларынын ээлери жана жетекчилери катыша алышат.

Сынактын максаты - Кыргыз Республикасынын туризм чөйрөсүндөгү жетишкендиктерди жана алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу, Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү жана илгерилетүү жаатындагы ийгиликтүү долбоорлорго мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коом тарабынан кызыкдар мамилени калыптандыруу, ошондой эле туризм тармагынын кызматкерлерин өлкөнүн туризм секторун тейлөөнүн сапатын жакшырууга жүйөлөштүрүү.

Сынакка кантип катышса болот?

1. Шилтеме боюнча жүктөп алып, катышууга арыздын формасын толтуруңуз (Катышууга арыз формасы)

2. Тандоо чен-өлчөмдөрү боюнча маалымат берүү – 2 тиркемени жүктөө жана толтуруу.

3. «Туруктуу туризм боюнча мыкты долбоор» номинациясы боюнча «Kyrgyz Tourism Awards» сыйлыктарына катышуу үчүн» деген белги коюлган документтерди [email protected] электрондук почтага же катуу түрдө Туризм департаментинин Киев к-сү 96 «б», 615-кабинет дарегине жөнөтүү зарыл.

4. Сынакка катышуу үчүн арыздар 2022-жылдын 10-сентябрына чейин кабыл алынат.

Сыйлык тапшыруу аземи 27-сентябрь – Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүндө болот.

Сыйлыктар:

• Статуэтка жана диплом;

• Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын энчилүү сааты;

• Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы жана ага төш белги:

• Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Ардак грамотасы

«Туруктуу туризм боюнча мыкты долбоор» номинациясынын чен-өлчөмдөрү

Сыпаттама: Туруктуу туризмди өнүктүрүүгө кошкон салым

• Долбоордун туруктуулугу жана келечеги;

• Маанилүүлүгү жана масштабы (өлчөөсү);

• Жаңы жашыл өнүмдөрдү иштеп чыгуу;

• Туруктуу туризм боюнча өткөрүлгөн иш-чаралардын тизмеси

Сынактын бардык катышуучуларына ийгилик каалайбыз!

Сынактын Жобосу жөнүндө жана сынактын бардык чен-өлчөмдөрүнүн толук сыпаттамасын жүктөөгө жана таанышууга болот - Сынактын чен өлчөмдөрү