​In Karakol, the owners of tourist facilities implement green technologies and care more about the environment
25-07-2022

ПЭРЭТОнун Каракол шаарындагы адис кеңешчиси Улар Кокоев эки конок үйүнүн ийгиликтери тууралуу айтып берди.

Акыркы мезгилде “Саякат” жана “Отел 78” конок үйлөрү менен кызматташуу боюнча 2 меморандумга кол коюлду.

«Саякат» лыжа базасына бара жаткан жолдо жайгашкан, 10 жылдан ашык туристтик рынокто кызмат көрсөтөт жана туристтер арасында суроо-талапка ээ. Анын тургундары, негизинен, чет элдик меймандар да, борбордун жашоочулары да. Конок үйү 15 керебетке эсептелген, бирок аны тейлөө электр кубатын көп талап кылат

«Караколдо жыл бою туризм өнүккөн. Ишкерлер «жашыл» технологияларга инвестиция салууга даяр. Колдонуунун аркасында курчап турган чөйрөгө зыяндуу чыгындылар бөлүнүп чыкпагандыктан, аларды өзгөчө жаңыланып туруучу электр кубатынын булактары кызыктырат. Мисалы, «Саякат» конок үйүнө күн коллекторун орноткулары келип жатат», - дейт Улар Кокоев.

Дагы бир "Отель 78" мейманканасы 2021-жылдын ноябрында ачылган. 30 кишиге эсептелген эки кабаттуу имарат толугу менен жылууланган жана кадимки туристтик жайларга караганда электр кубаты бир нече эсе натыйжалуураак. Ал жерде буга чейин бир катар ресурстарды үнөмдөөчү технологиялар киргизилген: жылытуу радиаторлорунда температураны жөнгө салгыч, коридорлордо «Теплофон» инфракызыл жылыткычтар ж.б.

«Алардын буга чейин КМШ өлкөлөрүнөн жана Европадан кардарлары бар. Ээлери “жашыл” технологияларды киргизүүгө кызыкдар. Алар күндүн кубатын электр кубатын үнөмдөө жана курчап турган чөйрөгө зыянды азайтуу үчүн пайдаланууну көздөп жатышат», - деп кошумчалады Улар Кокоев.

Бүгүнкү күнгө чейин Караколдогу адис кеңешчибиз 100дөн ашык туристтик жайларга адистик кеңешин берди, ПЭРЭТО менен 25ке жакын кызматташуу меморандумдарына кол коюлду.

Кызыгып жатасызбы? Анда биздин кеңешчибизге чалыңыз. Караколго 0502 901216; 0772 901216; 0552 901216 номерлери боюнча.

Кыргызстандагы бардык ПЭРЭТО адис кеңешчилеринин байланыштары бул жерде