""Жашыл технологиялар - туруктуу туризм"" журналисттер жана блогерлер арасындагы ПЭРЭTO сынагы
11-03-2021

ПЭРЭTO долбоору Кыргызстандын журналисттери жана блогерлеринин арасында ""Жашыл технологиялар - туруктуу туризм"" улуттук сынагын жарыялайт. Сынак Европа Биримдигинин SWITCH Asia программасынын каржылык колдоосу астында жүзөгө ашырылып жаткан ""Кыргыз Республикасынын туризм тармагындагы электр кубатын жана ресурстардын натыйжалуулугун илгерилетүү"" (ПЭРЭTO) долбоорунун алкагында уюштурулган.

Сынактын максаттары

Сынак туризмдин айлана-чөйрөгө тийгизген таасиринин, ошондой эле энергетикалык коопсуздуктун кыйынчылыктары жана келечеги, Кыргызстандын туристтик секторундагы ресурстарды үнөмдөө менен чакан жана орто бизнестин туруктуу өсүшүнүн проблемалары жөнүндө коомдук пикир-талашты жандандырууга багытталган.

Сынактын катышуучулары

Сынакка медианын (ЖМК) түрүнө карабастан, журналисттик материалдардын авторлору, ошондой эле бир же бир нече материалдарды тапшырган блогерлер катыша алышат. Бир автор материалдарды бир эле учурда бир нече номинация боюнча жөнөтө алат: бир материал - бир номинацияга. (Эгерде сиздин материал циклге / материалдар сериясына кире турган болсо, анда арыз тапшырууда бул нерсени көрсөтүү жана циклди / серияны кыскача сүрөттөп жазуу зарыл.)

Сынактын тили: орус жана кыргыз тилдери

Сынактын номинациялары:

  • Мыкты макала
  • Мыкты сүрөт баян
  • Мыкты видео
  • Мыкты блог

Журналисттердин жана блогерлердин кандай гана болбосун медиаформатта түзүлгөн эмгектери кабыл алынат: басылмалардагы, маалымат агенттиктериндеги, онлайн платформаларындагы материалдар; видео; сүрөт баян; даталык материалдар; лонгриддер (“узак окуу”); инфографика; радио уктуруулар жана аудио подкасттар; социалдык тармактардагы жарыялоолор, журналисттик иликтөөлөр төмөнкү темалар боюнча:

  • туруктуу туризм жана саясат
  • туризм секторунда ЭРН жана ТӨК практикаларын киргизүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү (кыйынчылыктар жана мүмкүнчүлүктөр, проблемалар жана аларды чечүү жолдору)
  • туризм жана ТӨК
  • Кыргызстандагы туризмдеги туруктуу өндүрүш жана керектөө практикалары (КРнын туризм чөйрөсүндөгү туруктуу жана ийгиликтүү бизнестин мисалдары же идеялары; туризмдин курчап турган чөйрөгө тийгизген таасири жана экологияны сактоо боюнча натыйжалуу чечимдер)
  • туризмдеги ЭРН - КРнын туризм чөйрөсүндөгү электр кубатынын жана ресурстардын натыйжалуу (ЭРН) технологияларын киргизүү тажрыйбасы (ийгиликтүү мисалдар жана окуялар; ишке ашыруу жолундагы проблемалар жана кыйынчылыктар; туризм өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна кандайча жардам бере алат) экологиялык саякаттар – курчап турган чөйрөгө келтирилген зыянды жокко азайтуу менен саякаттоонун жана эс алуунун мисалдары жана лайфхактары (куулуктары)
  • жашыл каржылоо жана туризмди өнүктүрүү – Кыргызстанда ЭРН жана ТӨК практикаларын киргизүү үчүн жаңы жашыл каржы аспаптарын өнүктүрүү (кыйынчылыктар, келечек; башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы; дал КР үчүн иштелип чыккан жашыл каржылоонун таптакыр жаңы схемалары; КРнын туризм секторунун чакан жана орто ишканалардын туруктуу өсүшүнө жашыл каржылоонун таасири)

Эмгектерди кабыл алуунун жана сынакка катышуунун шарттары

Сынакка 2021-жылдын 1-мартынан 31-майын кошуп алганда, жарыяланган материалдар кабыл алынат. #ПЭРЭTO # ПЭРЭTO # туруктуу туризм # ТӨК # ЭРН # жашыл технологиялар # жашыл экономика хэштегдери социалдык тармактарда жана онлайн платформаларда жарыяланган тексттерге камтылышы зарыл. Сынакка катышуу үчүн, онлайн-арызды толтуруп, ошондой эле өзүңүздүн резюмеңизди, номинациялары көрсөтүлгөн эмгектерди (басылмалар үчүн - pdf форматында жана шилтемелер (линк) - башка бардык медиалар үчүн) тиркөө жана окурмандар арасында активдүүлүктүн статистикасын кошуу зарыл (мисалдар: Гугл Аналитикадан, Яндекс Аналитикадан скриншоттор, Facebookдагы, Instagramдагы, YouTubeдагы ж.б.у.с. лайктар, репосттор). Эмгектерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү 2021-жылдын 15-июну (18: 00гө чейин) Артыкчылыктар темалары коомдогу жигердүү талкууга жана / же саясий чечимдерди кабыл алууга таасири болгон материалдарга берилет.

Сынактын жыйынтыктары

Жеңүүчүлөрдү ПЭРЭTO долбоорунун командасынын мүчөлөрүнөн, көз карандысыз эксперттерден жана долбоордун бенефициарларынан турган калыстар тобу аныктайт. Сынактын жыйынтыгы жана жеңүүчүлөрдү жарыялоо - 2021-жылдын 30-июну Ар бир номинациянын жеңүүчүлөрүн БАШКЫ БАЙГЕ - iPad Pro 12.9 жана башка кызыктыруучу белектер, ошондой эле долбоордун демөөрчүлөрүнүн жана өнөктөштөрүнүн сертификаттары күтөт

Сынактын жыйынтыктары жөнүндө маалымат www.pereto.kg веб-сайтында, ошондой эле долбоордун социалдык тармактарында жайгаштырылат:

  • Facebook: /PERETO.project.kg
  • Instagram: @PERETO_project_kg
  • Twitter: @PeretoKg
  • Телеграм каналы: PERETO KG / PERETO KР
  • Е-mail: [email protected]
  • Тел.: 0312 915 000 (кош. 326, 327)

Сыйлык тапшыруу аземи 2021-жылдын 2-июлунда салтанаттуу жагдайда өтөт (бардык деталдар - иш-чаранын күнүнө жакын).