ПЭРЭTOнун жардамы менен Ысык-Көлдөгү HoReCa секторундагы чакан жана орто ишканалар "жашыл" технологияларды киргизүүдө
05-07-2022

ПЭРЭТОнун түндүк жээги боюнча консультанты Кубанычбек Байтиков конок үйлөрү жана пансионаттар электр кубатынын натыйжалуу чараларын кантип ишке ашырып жатышкандарын айтып берүүдө.

Ысык-Көлдө 2022-жылдагы туристтик сезон ийгиликтүү өтүп жатат. Пансионаттарда жана эс алуу үйлөрүндө азыртан эле ички туристтер гана эмес, коңшу – Казакстан, Россия жана башка өлкөлөрдүн жарандары да көп экени байкалып жатат.

Андан сырткары, быйыл Ысык-Көлдө тоо туризми тез өнүгүүдө. Мисалы, Семенов капчыгайына саякаттар белгилүү болуп калды.

«Көчмөндөр оюндары өткөн жерде, ишкерлер туристтер үчүн абдан жакшы шарттар түзүлгөн, көчмөндөрдүн Ордосу деп аталган жайды ачышты. Ошол эле учурда бизнесмендер туруктуу керектөө жана өндүрүш принциптерин киргизүүгө аракет кылып жатышат. Экологияны сактоо максатында боз үй конуштарына таштанды челектер орнотулду», - дейт Кубанычбек Байтиков.

Быйыл Ысык-Көлдүн туристтик жайларында жатакана, тамактануу баасы кымбаттаганына карабастан, эс алуучулар кыйла көп. Эксперт баанын көтөрүлүшүн коммерциялык жайлар үчүн электр кубатына болгон баанын көтөрүлүшү: тариф 2,52 сом/кВт/саат, ошондой эле кызматчылардын эмгек акысын көтөрүү зарылчылыгы менен түшүндүрөт.

ПЭРЭTO долбоору боюнча азыр меймандостук индустриясында белсемдүү иш жүргүзүлүүдө. Ошентип, конок үйлөрүндө жана пансионаттарда тазалоочу курулмаларды куруу жөнүндөгү президенттин жарлыгына ылайык, үй ээлери электр кубаты натыйжалуу жана ресурс үнөмдөөчү жабдуулардын орнотуу маселесине чындап көңүл бөлүшүүдө.

ПЭРЭТО «Imarat Resort» ЭБ (Эс алуу борбору) менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду: эс алуу борборунда күнүнө 400 адамды тейлөөгө эсептелген 75 куб. м. тазалоочу курулмалар салынат.

«Royal Beach» ЭБда күнүнө 1,5 миң адамга эсептелген 300 куб.м. тазалоочу курулмалардын курулушунун жүрүшү аяктады.

Ошентип, ПЭРЭTO эксперти Кубанычбек Байтиковдун адистик кеңештеринин аркасында, HoReCa секторундагы кичи жана орто бизнестин арасында, «жашыл» технологиялар боюнча маалымдуулуктун деңгээли жогорулап жатат. Жыл бою иштөө режимине өтүүнү жана электр кубатын үнөмдөөчү чараларды киргизүүнү каалаган туристтик жайлар улам көбөйүп жатат.

Биздин ПЭРЭTO адистик кеңешчибиз Кубанычбек Байтиковго чалыңыз: 0555 240 765 (w/a). Адистик кеңештер бекер.

Бардык консультанттардын байланыш телефондору бул жерде