ПЭРЭТОнун колдоосу менен Чычкан капчыгайындагы “Белек” эс алуу борборунда электр кубатын үнөмдөөчү чаралар киргизилет
28-06-2022

Мындай чечим ПЭРЭТОнун адис кеңешчиси Нурлан Ирисов менен мейманкананын ээлеринин жолугушуусунан кийин кабыл алынды.

«Белек» Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жайгашкан жана өзүнө мейманкана менен ресторанды камтыйт. Ал апрелден ноябрга чейин иштейт. Негизги кардарлары - туристтер, өтүп бара жаткан айдоочулар жана жүргүнчүлөр, жергиликтүү тургундар.

Эс алуу борбору электр кубаты менен жыл бою иштеген кубаттуулугу 75 кВт/саат болгон жеке чакан ГЭСтин эсебинен камсыздалат. Суу менен камсыздоо жергиликтүү бийик тоолуу өзөндөн насостор аркылуу ишке ашырылат. Колдонулган кир жана саркынды суулар үчүн жергиликтүү септиктер (тазалоочу курулмалар) колдонулат. Ошентип, мейманканада жана банкеттик залда электр кубатын үнөмдөөчү лампалар жана ар бири 100 литрлик суу жылыткычтар орнотулду.

«Көйгөйлөрдүн ичинен мен: сезондук жумуштарды, имараттын эскирген көрүнүшүн жана эскирген ички жасалгасын, желдеткичтин жана кондициялоонун, тазалоочу курулмалардын жоктугун бөлүп белгилегим келет», - деди Нурлан Ирисов.

ПЭРЭTOнун адис кеңешчиси ошондой эле мейманкананын имаратын кайра пландоодо карта тутумун жана чип өчүргүчтөрдү, ошондой эле төмөнкүлөрдү орнотууну сунуштады:

  • мейманканада жана банкет залында "А"классындагы кышкы-жайкы кондиционерлерди;
  • • абаны тазалоо үчүн рекуператорлорду (жылуулук алмаштыргычтарды);
  • • электр кубатын үнөмдөөчү жарыктандырууларды;
  • • коридорлордо жана тепкичтин бурулушундагы аянтчаларда кыймыл билгизгичтерин;
  • • күн коллекторлорун (күндүн жылуулук кубатын чогултуу үчүн түзүлүштү);
  • • сезгич (сенсорный) суу чабыштыргычтарды жана жана суу бүрккүчтөрдү (аэраторлор);
  • • тазалоочу курулманы жана жылытуу үчүн жылуулук насосун;
  • • катуу тиричилик калдыктарын бөлүү үчүн чоң идиштерди (контейнерлерди).

Өзүнчө кеңейтилип салынган ашкананын дубалдарын, жертаманды, шыпты жылуулоо жана соргучттарды, идиш жуугуч машинаны орнотуу зарыл.

Мейманкананы кайрадан пландагандан кийин бөлмөлөр кеңейтилет. Банкет залы кардарлардын талабы боюнча конференц-залга кайрадан жабдылышы мүмкүн. «Белектин» кожоюндары жыл бою иштеп, меймандостук кызматтарынын жаңы сапаттык деңгээлине чыгууну пландаштырууда.

ПЭРЭТО долбоору менен Белек ЭБ ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Эскерте кетсек, Ош шаары жана Ош областы боюнча адистик кеңеш алуу үчүн Нурлан Ирисовго 0558 901217, 0708 901217, 0770 901219 номерлери боюнча чалып, эксперттин АКЫСЫЗ сунуштарын ала аласыз.