ПЭРЭТО туруктуу өндүрүш жана керектөө принциптерин илгерилетүү боюнча экофестивалдын өнөктөшү болду
20-06-2022

4 команда студенттердин өздөрү жасашкан «жашыл» долбоорлорун тааныштырышты. Биз сынактык иштерди жан дилибиз менен карап чыктык: эски дөңгөлөктөрдөн стол, желим бөтөлкөлөрдөн креслолор, пуфтар, тигүү өндүрүшүнүн текстиль калдыктарынан баштыктар, жаздыктар жана кресло-мүшөктөр, желим капкактардан таштанды челеги. Эски шарап жащиктери китеп текчелерине айландырылган, ал эми үч литрлик банкаларга студенттер сугарууга муктаж болбогон өсүмдүктөрдөн жана мохтон террариум жайгаштырышкан.

ПЭРЭТО долбоору туруктуу өндүрүш жана керектөө принциптерин илгерилетүүчү «жашыл» демилгелерди жана иш-чараларды ар дайым колдоого алат.

Бардык катышуучуларга ПЭРЭТО долбоорунун өкүлдөрү эстелик белектерди жана байгелерди тапшырышты

Студенттерге жаңы «жашыл» долбоорлорду жана жаңы келечектерди каалайбыз.