Кыргызстанда туризм секторунда ыктыярдуу экосертификаттоонун пилоттук схемасы киргизилет
03-04-2023

Эл аралык жана жергиликтүү жашыл технологиялардын эксперттери «HoReCa секторунда ыктыярдуу экосертификаттоонун жана эко-энбелгилердин усулдары» туробъектилерде эко-эн белги коюу боюнча семинарга чогулушту.

Technopolis Group командасы Юнисон групп менен өнөктөштүктө экосертификаттоо жана эко-энбелги коюу концепциясы менен тааныштырды. Экосертификаттоо же эко-энбелги - курчап турган чөйрөгө тийгизген таасири азыраак өнүмдөрдү жана кызматтарды, окшош өнүмдөргө жана кызматтарга караганда, таануу жөнүндө күбөлүк.

Booking.com'дун 2019-жылдагы Green Travel жашыл саякатттары тууралуу отчетуна ылайык, туристтердин 70%ы турак жайдын экологиялык таза экенин билүү менен, көбүрөөк ээлеп коюулары ыктымал.

2022-жылдын 1-январына карата КРда туризм секторунда алек болгон 118 миңден ашык субъект катталган. Эксперттердин айтымында, меймандостук индустриясындагы эко-энбелгилер кардарларга туруктуу өнүгүүнүн кандай усулдары киргизилгендиги жөнүндө маалымат берет. Сапатты баалоо Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө, Египетте, Японияда ж.б. колдонулат.

Эко-энбелги эко-мейманканаларга, эко-кафелерге ж. б. кошумча суроо-талапты жогорулатат. Ошентип бизнес секторунун курчап турган чөйрөгө тийгизген таасири жумшарат.

Алгачкы этапта эко-сертификаттоону киргизүү ПЭРЭТО долбоорунун алкагында ишке ашырылат. Эко-аудит жүргүзүлүп, сапат белгиси бериле турчу 20 мейманкана, кафе-ресторандар тандалып алынат. Анын аныктыгын маалыматтар базасынан текшерүүгө болот.