Арт-отель: энергия натыйжалуулукту жогорулатуу - жашыл бизнестин иш жүзүндөгү иштеши

Ош шаарында жайгашкан арт-отель, мейманкана бизнесине экологиялык демилгелерди интеграциялоонун мисалын көрсөтөт. Мейманкана ээси Мээрим Каракозуева, имаратты узак мөөнөткө ижарага алган жана аны конок үйгө ылайыктап өзгөрткөн. Мээрим өз ишмердигинин биринчи күнүнөн тартып, бизнестин курчап турган чөйрөгө экологиялык таасирин эң төмөн кылуу принцибин жетекчиликке алган. Анын байкоолору заманбап кардарлардын 30% эко-мейманканаларга артыкчылык берерин көрсөткөн. Ал өзүнүн бизнесинин экологиялык туруктуулугун тынымсыз жакшыртуу үчүн ушул тармактагы консультанттар менен активдүү кызматташып келет.

Өзүнүн экологиялык стратегиясынын алкагында Арт-отель бир катар олуттуу чараларды колдонууга киргизди. Имараттын шыбы 100 мм калыңдыктагы минералдык була менен жылууланды, бул жылуулук жоготууну азайтууга жардам берди. А+ классындагы кир жуугуч машина жана идиш-аяк жууган машина коюлду, булар суу керектөөнү олуттуу кыскартууга шарт түздү. Конок үйдөгү жарыктандыруу энергияга үнөмдүү LED лампаларга өткөрүлдү, ошондой эле калдыктарды өзүнчө бөлүп жыйноо тажрыйбасы колдонула баштады.

Электр энергиясын үнөмдөө үчүн кошумча кыймыл бирдиргичтер, коопсуздукту жогорулатуу үчүн электрондук чип-ачкычтар орнотулду, терезелер жарым-жартылай ПВХга алмаштырылды, «кыш-жай» режими менен иштеген кондиционерлер жана аэраторлору бар аралаштыргычтар коюлду. Ушул чаралардын бардыгы ресурстарды үнөмдөөнү жана жашоочулардын жайлуулугун олуттуу жогорулатты.

Мээримдин жакынкы келечекте имаратты комплекстүү жылуулоо, ысык суу менен камсыздоо үчүн күн коллекторун жана жарыктандыруу үчүн күн электростанциясын орнотуу планы бар. Бул чаралар салттуу булактарга энергетикалык көз карандылыкты бир кыйла төмөндөтүүгө жана эксплуатациялык чыгымдарды кыскартууга мүмкүндүк берет.

Алынган пайдалар

Ишке ашырылган чаралар буга чейин жакшы пайда алып келди. Энергияны үнөмдөө жылына 19,172 МВтс көлөмдү түздү, бул эксплуатациялык чыгымдарды төмөндөтөт жана отелдин көмүртек изин олуттуу азайтат. Жашоочулардын жайлуулугу бир кыйла жогорулады, муну меймандардын жакшы пикирлери тастыктап жатат. Экологиялык туруктуу тажрыйбаларды ийгиликтүү ишке киргизүү жана өнүктүрүү айлана-чөйрөгө карата терс таасирлерди төмөндөтөт жана экологиялык жоопкерчиликке багыт алган заманбап кардарлар үчүн мейманкананын жагымдуулугун арттырат.

Мээрим Каракозуева Арт-отелди туруктуу өнүгүү жаатындагы мыкты мисал катары көрсөтүү менен жашыл бизнестеги өз багытын өнүктүрүүнү улантууда.