Бүгүн Ош шаарында ПЭРЭТО туруктуу туризмди өнүктүрүү стратегиясын, жашыл экономика принциптерин киргизүү жана энергияны үнөмдөө боюнча кеңири талкуу өткөрдү
08-02-2023

Бүгүн, Ош шаарында ПЭРЭТО долбоорунун алкагында, Ош облусунун администрациясынын жана Туризм департаментинин колдоосу менен, Ош облусунун туруктуу туризмдин өнүктүрүү стратегиясын талкуулап жатабыз.

Бул иш-чара туризм секторунун бардык кызыкдар тараптарын бириктирүү жана Ош облусунун туризмди өнүктүрүү стратегиясын, Кыргызстандын HoReCa тармагындагы кыйынчылыктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо үчүн аянтча болуп берди.

ПЭРЭТО долбоорунун максаты: стратегияда жашыл экономиканын принциптерин, энергиянын жана ресурстардын натыйжалуулугунун жогорулатуу маселелерин киргизүү.

Тегерек столдо ошондой эле 2023-2028-жылдарга Ош областында туруктуу туризмди өнүктүрүү боюнча стратегиянын жана пландын долбоорлору жана маркетинг стратегиясы каралды.

Ош облусун 2023-2026-жылдарга өнүктүрүү программасында, Туризм боюнча бөлүм, чечүү үчүн комплекстүү мамилени талап кылган чабал өнүккөн инфраструктураны, кадрларды даярдоо көйгөйлөрүн жана чабал маркетинг темаларын козгойт. Ошону менен бирге, туризм секторунун өсүшүнүн негизги кыймылдаткычы болуп саналган чакан жана орто ишканалар (ЧОИ), атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн сактоо жана курчап турган чөйрөгө таасирин азайтуу жагынан кошумча кыйынчылыктарга туш болуп жатканын белгилей кетүү маанилүү.

Эң маанилүү проблемалардын ичинен имараттардын жана жабдуулардын энергия сыйымдуулугун, жыл бою иштөөгө жараксыздыгын, күтүүгө чыгымдардын жогорулугун, ыңгайлуулуктун жоктугун жана электр кубаты ресурстарына баалардын жана тарифтердин өсүшүн, электр жана суу менен камсыздоонун ишенимсиздигин, борбордук канализацияларды жана калдыктарды чогултууну камтуунун чектелгендигин белгилөөгө болот. Алсак, энергетика тармагында ири шаарлардын сыртында электр кубатынын тынымсыз өчүрүлүшү ишканалардын ишин үзгүлтүккө учуратып, чакан жана орто ишканаларга кошумча чыгымдарды алып келет. Учурда өлкөнүн электр кубатынын 85% гидроэнергетиканын эсебинен өндүрүлөт, ал эми климаттын өзгөрүшүнөн электр кубаты менен камсыздоо мындан да күтүүсүз болуп калат.

Жолугушуунун негизги жыйынтыгы Резолюция болду: бардык катышуучулар түштүк аймагынын өзгөчөлүктөрүн баса белгилешти, Ош шаарында жана Ош облусунда туруктуу туризмди активдүү өнүктүрүү боюнча өз сунуштарын айтышты жана чараларды сунушташты.