​Карасаев атындагы БМУнун окутуучулары үчүн ПЭРЭТО электр кубатын жана ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу боюнча окутуп-үйрөтүүчү тренинг өткөрдү
03-02-2023

Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин окутуучулары үчүн электр кубатын жана ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу боюнча биздин эксперт Жаныбек Кулумбетов тренинг өткөрдү @bsu_kg.

Экология жана менеджмент факультетинин профессордук-окутуучулук курамы: туризм, экология жана жаратылышты пайдалануу, география багыттары боюнча окуу программаларына аларды бириктирүү максатында туризмдеги жана HORECA чөйрөсүндө жашыл технологиялар, туруктуу өндүрүш жана керектөө темалары боюнча окутуп-үйрөтүүнү демилгелешти.

Экология жана менеджмент факультетинин деканы Мирлан Дылдаев ПЭРЭТО командасына жигердүү кызматташуусу жана окутуучуларга да, студенттерге да бир катар конок лекцияларды өткөрүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди. ПЭРЭТО эксперттеринен берилген маалыматтар жана практикалык материалдар боюнча окутуучулар окуу программасына жаңы темаларды киргизе башташат.