​ПЭРЭТО «Нарын областында туруктуу туризмди өнүктүрүү» туристтик форумунда тааныштырылды
19-01-2023

Форумда долбоордун атынан ПЭРЭТО эксперти Бакыт Аскарбеков сөз сүйлөдү.

Форумда Нарын областындагы туризмдин учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү үчүн эмне кылуу керектигин талкуулашты.

Катышуучулар жашыл каржылоо фонддорун жана Нарын регионундагы кафелерде, ресторандарда электр кубатын жана ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу принциптерин колдонуу үчүн ПЭРЭТО менен биргелешип иштөөгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Андан сырткары, форумда ПЭРЭТО долбоору менен Нарын областтык мамлекеттик администрациясынын ортосунда, губернатордун биринчи орун басарынын, президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Адыл Сапаровдун атынан кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Биздин биргелешкен күчүбүз жана аракетибиз жаратылыш ресурстарын кылдат жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, жергиликтүү бизнес-коомчулуктун жана калктын ортосунда “жашыл” технологияларды жайылтууга көмөк көрсөтөт деп ишенебиз.

Ар бир аймакта электр кубаты менен ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, турак жай жана коммерциялык имараттарды жылуулоо, туруктуу өндүрүш жана керектөө маселелери боюнча сиздерге жардам бере турган ПЭРЭТОнун адис кеңешчиси бар экенин эсиңиздерге салабыз.

Нарын областы боюнча адистик кеңеш берүүчүнүн байланыш тел: Аскарбеков Айбек, 0501 00 12 17.