Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети окуу пландарына электр кубатын жана ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу темаларын киргизүүнү мерчемдештирүүдө
26-12-2022

Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети ПЭРЭТО долбоорунун жаңы өнөктөшү экенин кубануу менен билдиребиз.

Экология жана менеджмент факультети туризм, экология жана жаратылышты пайдалануу, география багыттары боюнча окуу пландарына ресурс жана электр кубатын сарамжалдуу пайдалануу темаларын бириктирүү боюнча кызматташууну демилгеледи.

ПЭРЭТО командасы долбоордун өнөктөшү – Туризм академиясы менен биргеликте Экология жана менеджмент факультетинин деканы Мирлан Дылдаевдин жана профессордук-окутуучулук курамынын катышуусунда жыйын өткөрдү. Жолугушуунун максаты: таанышуу, жалпы милдеттерди талкуулоо жана мындан аркы кызматташуунун багыттарын аныктоо.

ПЭРЭТО эксперти Жаныбек Кулумбетов туризм чөйрөсүндө электр кубатын жана ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу темасын, чакан жана орто ишканалардын керектөөлөрүн, жана бул темалар окуунун жүрүшүндө студенттердин билимдери жана көндүмдөрү бизнес, убакыт жана эмгек рыногунун талаптарына жооп бергидей кантип бириктирүү мүмкүн экенин ачып берди.

Туризм академиясынын туризм бөлүмүнүн башчысы Нургүл Жапарова окуу пландарына электр кубатын жана ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу темаларын киргизүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү.

ПЭРЭТО командасы туризм чөйрөсүн жана HoReCaны туруктуу өнүктүрүү максаттарына ылайык, Нарын мамлекеттик университетине ар тараптуу колдоо жана жардам көрсөтүүгө даяр.