​ПЭРЭТО эксперттери жана өнөктөшү Ош мамлекеттик университетинин студенттери үчүн конок лекцияларын өткөрүштү
29-11-2022

ПЭРЭТО эксперти Жаныбек Кулумбетов жана өнөктөшүбүз Туризм академиясынан туризм кафедрасынын башчысы Нургүл Жапарова Ош мамлекеттик университинин «Туризм» багыты боюнча студенттерине конок лекцияларын өткөрүштү.

Нургүл Жапарова студенттерге Туризм академиясында окуунун жүрүшү кандай уюштурулганын, окуу программаларынын өзгөчөлүктөрүн жана жаңычылдыктарын айтып берди, угуучуларга окуунун алгачкы күндөрүнөн баштап эле белсемдүү болууну жана такшалмадан өтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөөнү сунуштады. «Биз студенттерибизди жумушка орноштурбайбыз, алар өздөрү жумуш берүүчүлөрдү издеп, кайсы жерден тажрыйба алууну, окууну жана мансапты мерчемдөөнү өздөрү тандашат», - деди ал.

ПЭРЭТО эксперти Жаныбек Кулумбетов туризм секторунда электр кубатын жана ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу темасын, чакан жана орто ишканалардын керектөөлөрүн жана бул темалар окуунун жүрүшүндө студенттердин билимдери жана көндүмдөрү бизнес, убакыт жана эмгек рыногунун талаптарына жооп бергидей кантип бириктирүү зарыл экенин ачып берди.

ПЭРЭТО командасы туризм секторун жана HoReCaны туруктуу өнүктүрүү максаттарына ылайык, ОшМУга ар тараптуу колдоо жана жардам көрсөтүүгө даяр.