​ПЭРЭТО долбоорду 24-ноябрда IBC FinEx 2022 көргөзмөсүндө тааныштырды
28-11-2022

IBC FinEx 2022 - Кыргызстандагы жеке секторду каржылоону камсыз кылган негизги эл аралык каржы институттарын, түз инвестициялар жана өнүктүрүү фонддорун жана бизнес-коомчулугунун кызыкдар өкүлдөрүн бириктирген Кыргызстандагы биринчи иш-чара.

Бул ири окуя жүзгө жакын ишкерлерди жана бизнес коомчулугун инвестициялоо, каржылоо жана өнүктүрүү менен алектенген ар кандай компаниялардын, ошондой эле Кыргызстандын жеке секторун каржылоону камсыз кылган донордук коомчулуктун, түз инвестициялардын жана өнүктүрүү фонддорунун өкүлдөрүн чогултту.

Көргөзмөгө келгендер компаниялар менен түздөн-түз таанышып, байланыш түзүп жана каржылоо булактарын таба алышты.

ПЭРЭТОнун адис кеңешчилери ошондой эле чакан жана орто бизнес секторунда инновациялык технологияларды иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча суроолорго жооп беришти. Туризм секторунда да, жалпы эле бизнесте да биздин стендге жана «жашыл» принциптерине меймандар тарабынан чоң кызыгуулар болду.

Долбоордун менеджери Нурзат Абдырасулова чогулган элге ПЭРЭТОнун негизги жетишкендиктери, ийгиликтүү иштер жана курчап турган чөйрөнү сактоо боюнча жүзөгө ашырылган чаралар тууралуу айтып берди.

Иш-чара Эл аралык ишкерлер кеңеши тарабынан уюштурулган. Иш-чаранын расмий өнөктөштөрү Эл аралык каржы корпорациясы (IFC) жана Accelerate Prosperity (AP) болуп саналат. Өнөктөштөр Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкы (ЕКӨБ) жана Baker Tilly Bishkek болушкан.