​ПЭРЭТО долбоору «Байлык Финанс» чакан кредиттик компаниясы менен кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол койду
21-10-2022

Түзүлгөн Меморандумдун алкагында төмөнкү багыттар боюнча активдүү өнөктөштүк мерчемделүүдө:

• климаттын өзгөрүшүнүн жана абанын булганышынын кесепеттерин азайтуу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;

• каржылык аспаптарды киргизүү аркылуу жашыл өнүмдөрдү жүзөгө ашыруу;

• калктын, анын ичинде туризм секторунун курчап турган чөйрөдөгү өзгөрүүлөр, туруктуу керектөө жана өндүрүш принциптери, электр кубатын жана ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу.

«Байлык Финанс» көп жылдардан бери «Жашыл» каржылоо багытында жылып, электр кубатынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана ресурстарды үнөмдөөгө, шаардык инфраструктураны жакшыртуу боюнча жашыл демилгелерди илгерилетүүгө багытталган өнүмдөрдү өнүктүрүүдө.

ПЭРЭТО командасынын, «Юнисон Групптун» жана «Байлык Финанстын» өнөктөштүгү бизге күчтөрдү бириктирүүгө жана Кыргызстандын жашыл экономикасын жана туруктуу өнүгүүсүн илгерилетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди кыйла жемиштүү кылууга мүмкүндүк берет.