​ПЭРЭТО эксперттеринин сунуштары боюнча «Талас» ресторанында электр кубатын үнөмдөөчү технологиялар киргизилген
23-09-2022

Талас шаарындагы «Талас» рестораны имаратты кайра пландап жана кошумча блок кошуп толук кайра жаңыртуу жумуштарын жүргүзүү менен, электр кубатын жана ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу чараларын киргизүүдө.

Объекттин курулушу жана кайра жаңыртуу жумуштарынын жүрүшүнө ПЭРЭТОнун Талас областы боюнча адис кеңешчиси Тилек Токтокожоевдин сунуштары эске алынуу менен жүргүзүлүүдө.

Имараттын жылуулук жоготууларын токтотуу үчүн шыптарды жылуулоонун натыйжалуу, практикалык жана арзан ыкмасы катары эсептелген полиуретан менен жылууланган. Заманбап жылуулук жана курулуш стандарттарына жооп берген электр кубатын үнөмдөөчү пластик эшик-терезелер орнотулган.

«Биз адис кеңешчи Тилекке эмгеги үчүн ыраазыбыз. Биринчи кезекте, имараттын жылуулукту жоготуу себептерин жок кылдык: мамылар, шыптар, кайчылаш тирөөчтөр. Тилек жылуулук насосун орнотууну да сунуштады, анткени бизде буу менен жылыйт, кышында 80 миң сом жалаң жылуулукка жумшалат», - дейт ресторандын ээси Дөлөтбек Жусупбеков.

Тилек Токтокожоев «Айкөл» конок үйүнө базальт плиталарынан жасалган шыпты жылуулоо боюнча кеңеш берди: чатыры жылытуу технологиясы боюнча шамалдан жана нымдан коргоочу пленка менен жабылган.

Адис кеңешчинин сунуштарынын аркасында имараттын жылуулук мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу жана эксплуатациялык чыгымдарды азайтуу максатында «Хан-Сарай» ресторанынын оозуна кичине кире бериш курулган: бул залга сууктун киришине жол бербейт. Экинчи кабатта мүмкүн болушунча ички температураны сактоо үчүн чатырдын бир бөлүгү жабылган.

«Таштанды челектердин жанына желим бөтөлкөлөр үчүн өзүнчө челек коюлган. Челектер толуп калганда аларды кабыл алуу менен алектенгендер алып кетишет», - деп түшүндүрдү Тилек.

Эгерде сиз Талас областында жашап же иштеп, адистик кеңеш алгыңыз келсе, адис кеңешчибиз Тилек Токтокожоевге кайрылыңыз: 0504 901216, 0776 901216, 0554 901216.