Sputnik Kyrgyzstan радиосуна ПЭРЭТОнун эксперттери: көмүрсүз жана газсыз өз алдынча жылытуу
25-08-2022

«Бардык жерде электр кубатынын жетишсиздиги сезилет. Жылдын суук мезгилинде электр кубаты менен камсыз кылууда көйгөйлөр дароо башталат. Андыктан курулуш же оңдоо иштеринин жүрүшүндө жылуулоого көңүл буруу артык. Жылууланбаган тосмо түзүлүштөр аркылуу биз жылытуу аппараттарынан алынган жылуулуктун 50%дан ашыгын жоготобуз.

Электр кубаты менен камсыз кылуу жана имарат ичиндеги жылуулукту сактоо үчүн жаңыланып туруучу электр кубатынын булактарын пайдаланса болот», - деди Жаныбек Кулумбетов. Анын айтымында, жылуулук насосторун, күн такталарын жана коллекторлорду шаар жергесинде,ошондой эле тоолуу шарттарда, анын ичинде туризм секторунда жана бизнес жайларында орнотууга болот. Кыргызстандын бардык аймактарында ПЭРЭTO компаниясынын адис кеңешчилери тигил же башка жабдууларды орнотууга жардам бере алышат – деп кошумчалады эксперт.

«Заманбап технологиялар жылуулукка кеткен чыгымдарды гана эмес, ошондой эле электр кубатын керектөөнү да төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет. Мисалы, Кыргызстандын шаарларындагы

дарыканалардын имараттарына кубаттуулугу 3 кВт болгон күн станциялары орнотулгандыктан,алардын өз алдынча болушуна мүмкүндүк берет», - деди Айдар Канатбеков.

Эфирди толугу менен бул жерден көрө аласыз.