Баткен областы жана Ала-бука, Аксы, Чаткал өрөөндөрүндө иш алып баруу үчүн консультанттарды ишке чакылырат
23-08-2022

ПЭРЭТО долбоору аймактарда туруктуу керектөө жана өндүрүү иш чараларын жайылтып, туризм жана HoReCa[1] секторунда энергия жана ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу боюнча иштерди илгерилетүү үчүн жергиликтүү консультанттарды тандоо боюнча ачык сынак жарыялайт.

Маалымат берүү жана консультациялык кызматтар аркылуу PERETO долбоору Кыргызстанда энергияны үнөмдөөчү услдар жана технологиялар боюнча маалымат жайылтуу менен жергиликтүү тургундардын потенциалын өнүктүрүүгө умтулат.

Консультациялык борборлорго талапкерлерди тандап алууда, PERETO долбоору бардык кызыкдар талапкерлердин (айрыкча аялдардын) арыздарын кабыл алат.

Жоопкерчилик жана аткаруу функциялар

Конкурстун жыйынтыгы менен тандалган консультанттар төмөнкү кызматты алып барышат:

  • Туризм жана меймандостук (HoReCa) секторун өнүктүрүүдө энергия жана жаратылыш ресурстарын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча жер-жерлерде кенеш берүү борборун уюштуруу жана аларды чыңдоо
  • HoReCa секторунун өкүлдөрүн натыйжалуу кабыл алуу жана аларга консультацияларды уюштуруу;
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик администрация жана потенциалдуу инвесторлор менен HoReCa секторунда иштеген чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнө энергия жана ресурстарды сарамжалду пайдалануу, өндүрүш жана керектөөлөрдүн туруктуулугун камсыздоо иштерин биргеликте талкуу жана пландоо;
  • HoReCa тармагында иштеген бизнес өкүлдөрүно бизнести өркүндөтүүдо энергия жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануунун манилүүлүгү боюнча маалыматтык жолугушууларды өткөрүү;
  • Кенеш берүү борборунун иши жөнүндө тиешелүү HoReCa тармактарында жайылтуу;
  • HoReCa секторуна арналган телерадиоберүүлөрдү тартууга жана жаздырууга катышуу;
  • ПЭРЭТО долбоору боюнча маалыматтык плакаттарды, брошюраларды жана башка материалдарды элдерге жайылтуу;
  • HoReCa секторунда иштеген бизнес өкүлдөрүно семинарларды жана жолугушууларды өткөрүү.

Талаптар жана тажрыйба:

Жогорудагы функцияларды аткаруу үчүн талапкер төмөнкү билимге жана тажрыйбага ээ болуусу керек:

  • Курулуш жана инженердик тармакта олуттуу тажрыйба;
  • Тренингдерди, окуу семинарларын жана тегерек столдорду өткөрүү тажрыйбасы;
  • Жергиликтүү ишкерлерден жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан статистикалык жана экономикалык маалыматтарды чогултуу тажрыйбасы;
  • Отчетторду жазуу жана эл адында чыгып сүйлөө тажрыйбасы;
  • Жеке пикирин тартынбай айтуу жана проекте иштеген серепчилердин оюн жана көз карашын эске алуу;
  • Жаңы маалыматты үйрөнүүгө умтулуу жана аларды иште колдонуу;
  • Биргелешкен топто иш алып баруу, демилгелүүлүк, ак ниеттүүлүк;
  • Жергиликтүү тилдерде так сүйлөө, түшүнүү, пикир алмашуу жөндөмү

Компьютерде жана Microsoft Office программаларында, ошондой эле электрондук почтада иштөө көндүмдөрү;

Энергия натыйжалуулугун жана жаратылыш ресурстарын сактоо чараларын билүү жана иш жүзүндө колдонуу;

Курулуш, инженердик технология, экология, айлана-чөйрөнү коргоо жана / же ага байланыштуу жогорку билим;

Жаратылыш ресурстарын жана энергияны натыйжалуу пайдалануу жаатында, ошондой эле жалпысынан энергиянын калыбына келтирүүчү булактарын пайдалануу тажрыйбалары;

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

  • Жолдонмо кат ( 1 барактан көп эмес) жана күтүлүп жаткан айлык майананы көрсөтүү
  • Тиешелүү тармактагы тажрыйбаны толук чагылдырган резюме;
  • Жумуш берүүчүлөрдүн же кардарлардын орус же кыргыз тилдериндеги сунуш каттары.

Талапкерлер документтердин топтомун “ПЭРЭТО Баткен” же “ПЭРЭТО Ала-Бука” аталыш менен [email protected]электрондук почтасына 2022 жылдын 1-сентябрь күнү саат 17.00гө чейин жөнөтүүсү талап кылынат.

Электрондук каттын темасында же жолдонмо катка кайсы шаарга\айылга консультант болууну көздөп жатканынызды көрсөтүнүз