ПЭРЭТО Кыргызстан коммерциялык банкы менен Кызматташуу меморандумга кол койду
07-07-2022

Кол коюу аземине өнөктөш “Юнисон Групп” компаниясынын президенти Нурзат Абдырасулова жана “Кыргызстан” банкынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Кайратбек Суранаев катышты.

Өнөктөштүктүн максаты - туризм секторундагы чакан жана орто ишканалардын (ЧОИ) арасында өндүрүштүн туруктуу жана керектөө моделдерин, ошондой эле электр кубатынын жана ресурстардын натыйжалуулугун (ЭРЭ) илгерилетүү аркылуу кубаттуулук коопсуздукка жана туруктуу өнүгүүгө көмөк көрсөтүү.

Төмөнкү багыттар боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга жетишилди:

- климаттын өзгөрүшүнүн жана абанын булганышынын терс натыйжалары менен күрөшүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;

- каржылык аспаптарды киргизүү аркылуу жашыл өнүмдөрдү жүзөгө ашыруу;

- климаттын өзгөрүшүнө байланышкан көйгөйлөрдү чечүү максатында биргелешкен аракеттерди ишке ашыруу;

- изилдөөлөрдү, климаттык тутумга үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүүнү кошуп климат жөнүндө билимди тереңдетүү, ошондой эле туризм секторунда ТӨК /(ЭРЭ) боюнча маалымдуулукту жогорулатуу.

Меморандумдун алкагында КРнын туризм секторунда туруктуу керектөө жана өндүрүш, электр кубатынын жана ресурстардын натыйжалуулугун үнөмдөө принциптери жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда.

«Кыргызстан» банкына бизге көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз жана мындан ары да натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты күтөбүз.