ПЭРЭТО, Юнисон Групп жана Дос Кредобанк "ЭКО-туризм" "жашыл” насыя продуктусун сунуштайт
01-07-2022

Туризм секторун өнүктүрүү, энергияны үнөмдөө жана ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну жайылтуу жана ишке ашыруу үчүн ПЭРЭТО долбоору Dos CredoBank жана Юнисон Групп өнөктөшʏ менен бирге DCB Green атайын программасынын алкагында жаңы "ЭКО-туризм" "жашыл” насыя продуктусун сунуштайбыз.

Өнүм DCB Green атайын программасынын алкагында иштелип чыккан жана туризм секторун өнүктүрүү менен электр кубаты натыйжалуу жана ресурс үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө багытталган.

«Эко-туризм» жашыл кредити төмөнкүлөргө арналган:

  • жылытуу жана муздатуу чыгымдарын азайтуу үчүн имараттарды жылуулоого;
  • жашыл жана ЖЭБ технологияларын киргизүүгө;
  • сууну үнөмдөө - тамчылатып сугаруу, саркынды сууларды тазалоочу курулмалар жана жамгыр сууларын чогултууга;
  • жылытуу, муздатуу жана желдетүү тутумдарын жакшыртууга;
  • электр кубатын үнөмдүү жарыктандыруу жана электр кубаты натыйжалуу жана сууну үнөмдөөчү жабдууларга;
  • калдыктарды иргөө үчүн таштанды челектерин, ошондой эле пайдаланылган пластикти таңгактоо үчүн басып кыскычтарды сатып алууга;
  • электр кубатын жана ресурстарды үнөмдөө боюнча башка чараларга.
  • Өнүм жагымдуу жана пайдалуу бонуска ээ: Dosсredobank өз кардарларына кэшбэкти сунуштайт - насыя толугу менен төлөнгөндөн кийин, 10% өлчөмүндө кредит боюнча төлөнгөн пайыздарды кайтаруу.

    Мындан тышкары, HoReCa чөйрөсүндө (отелдерде, ресторандарда, кафелерде) иштеп жаткан ЭКО-туристтик өнүмдөрдүн ар бир кардары үчүн ПЭРЭTOнун эксперттери Dosсredobank менен бирге операциялык чыгымдарды кыскартууга жана курчап турган чөйрөгө терс таасирин төмөндөтүүгө жардам бере турган зарыл консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө даяр.

    Тагыраак маалымат алуу үчүн DosCredobankка кайрылса болот.

    ПЭРЭTO адис кеңешчилердин байланыштары бул жерде