ПЭРЭTO эксперттери «Марал» радиосунун угармандарына «жашыл» экономика жана технологиялар тууралуу айтып беришти
30-06-2022

Марал FM радиосу жана Марал телеканалында JIA «Экомайдан» бизнес-ассоциациясынын автордук программасынын түз эфиринде Юнисон Групптун ПЭРЭТО долбоору боюнча эксперттери Жаныбек Кулумбетов жана Бакыт Аскарбеков маек куруп беришти. Башкы тема: “жашыл” экономиканын принциптери жана максаттары. Жашыл экономика концепциясы ресурстарды сактоону колдойт жана жаратылышка терс таасирин азайтат.

Бул тема азыр абдан актуалдуу, анткени Кыргызстандын экологиясы коомчулуктун көңүлүн бурууга абдан муктаж. Атмосфералык абага ТЭЦтен, өнөр жай ишканаларынан кандай чыкса, ошондой эле турак-жай секторунан дагы зыяндуу чыгындыларды чыгаруу уланып жатканын эске алуу керек. Электр кубаты натыйжалуу технологияларды пайдалануу менен, абанын сапаты боюнча кырдаалды жакшыртууга аракеттер көрүлүшү керек», - деп белгиледи Жаныбек Кулумбетов.

Бакыт Аскарбеков имараттын электр кубатынын натыйжалуулугуна көңүл буруу керектигин айтып берди. Электр кубаты натыйжалуу чаралар киргизилген мындай жайлар жылуулукту жакшы жана узак убакытка сактоого жөндөмдүү. Ошол эле учурда, бул жылытуу чыгымдарынын кыскарышына алып келет, бул болсо абанын булганышынын азайышына таасир этет.

Уктуруунун жүрүшүндө эксперттер угармандарга электр кубаты натыйжалуу жабдуулардын заманбап түрлөрү – жылуулук насостору, газ казандары жөнүндө маалымат беришти. Алар ошондой эле күн такталары жана коллекторлор, чакан ГЭСтер, шамал турбиналары ж.б. тиешелүү болгон жаңыланып туруучу электр кубатынын булактарынын дараметин белгилешти.

Бул технологиялардын бардыгын ПЭРЭTO долбоорунун алкагында туризм секторунун ишканаларына киргизүүгө болот. Бул өзгөчө курчап турган чөйрөнүн начарлашына таасирин тийгизбеген күн такталары жана коллекторлор сыяктуу, экологиялык жактан таза электр кубатынын түрлөрүн колдонуу абдан маанилүү болгон, Кыргызстандын тоолуу аймактарында жайгашкан боз үй конуштарына тиешелүү.

Кыргызстандын бардык аймактарындагы кафелердин, ресторандардын жана отелдердин ээлери ПЭРЭTO долбоорунун адис кеңешчилерине кайрылса болот, байланыш маалыматтары бул жерде.