ПЭРЭTO HoReCa жана туризм чөйрөсүндө таптакыр жаңы масштабдуу долбоордун өнөктөшү болуп калды
24-06-2022

Чычкандагы “Белек” отелин башкаруу сунушун “Travel Experts” туристтик компаниясы кабыл алды. Отелдин ээлери бардык туристтерге ыңгайлуу жана кызыктуу болушу үчүн, аны толугу менен кайра оңдоону чечишти. Бирок, негизги маселе - Кыргызстандын бардык ишкерлерине бул отелдин мисалында аны кантип кайрадан туура оңдоону же нөлдөн баштап курууну үйрөтүү. Эксперттердин сунуштары менен экологиялык отелдин пайда болушунун бүткүл жүрүшүн Facebook жана Instagram баракчаларынан көрүүгө болот - @belek.dream.hotel

Эртең эле ПЭРЭТОнун Ош ш. боюнча адис кеңешчиси Нурлан Ирисов объектиге барып, электр кубатын жана ресурсту үнөмдөө боюнча бардык чараларды жүзөгө ашыруу, эко-эрежелерди оңой сактоо жана өзүнүн келечектеги кардарларына эң экологиялуу номерлерди сунуштоо үчүн оңдоону жана курулушту кантип пландоо керектигин үй ээлерине жана курулуш бригадасына айтып берет.

Эң тажрыйбалуу эксперттер отелдерди, конок үйлөрүн жана боз үй конуштарын кантип туура куруу жана жайгаштыруу, ошентип Кыргызстандагы туризмдин деңгээлин көтөрүү мүмкүн жана зарыл экенин чыныгы мисалда көрсөтүп беришет!

Бул жерде бул долбоор кандайча башталарын көрө аласыз.

Бул биздин кызматташтыгыбыздын башталышы гана. Мындан ары кызыктуураак болот, биздин басылмаларга көз салып туруңуз.