Акысыз энергоаудит кызматын алуу үчүн туризм тармагында кызмат көрсөткөн жеке менчик ишканалардын арасында СЫНАК ЖАРЫЯЛАНАТ
31-01-2022

Туризм тармагында кызмат көрсөткөн ишканалар (мейманкана, ресторан, кафелер) адатта жыл сайын оңдоо-түздөө жана курулуш иштерин жүргүзүп, кардарларга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн жеке каражаттарын сарпташат. Мындай учурларда жаңы объектинин керектүү энергия менен камсыз болуусун энергоаудиттин жыйынтыгында берилген кенештердин жардамы менен жеке ишканаларга каражаттарды үнөмдөөгө жана натыйжалуу сарптоого шарт түзөт.

ПЭРЭТО долбоору туризм секторунда кызмат көрсөткөн мейманканалар, ресторандар жана кафелер (HoReCa сектору) арасында сынак жарыялайт. Сынактын алкагында акысыз техникалык колдоого (энергияны үнөмдөөчү технологияларды колдонуу жана энергоаудит кызматы) ээ болууну каалаган HoReCa секторундагы 50 чакан жана орто ишкерлер тандалып алынат.

Техникалык колдоо төмөнкүлөрдү камтыйт:

I. "ЮНИСОН" коомдуук фондунун адистери тарабынан HoReCa обьектине акысыз экспресс-энерго аудит жасоо, б.а.:

  • инженердик түйүндөрдү текшерүү
  • тепловизордук текшерүү (имараттын жылуулукту жоготуу себеби)
  • энергаудиттин жыйынтыгы менен берилүүчү кеңештер жана сунуштар
  • имараттардын мамлекеттик үлгүдөгү энергетикалык сертификаты

II. Энергетикалык аудит боюнча сунуштарды ишке ашыруу боюнча ПЭРЭТОнун аймактык адистеринин акысыз консультациялары



Техникалык колдоонун жыйынтыгында ийгиликтүү деп табылган чакан жана орто ишкерлер долбоордун алкагында жашыл технологияларды иштетүүгө багытталган финансылык каржылоо иштерине катышууну улантат.

Тандоо критерийлери:

  • берилген форманын туура толтурулуусу
  • HoReCa чакан жана орто ишкананын ээлери энергия жана ресурстарды үнөмдүү колдонууга кызыгуусу
  • конкурска катышуучу объек бир жылдан ашык убакыт иштеши (күбөлүгүнүн болушу) керек
  • энергоаудиттин жыйынтыгы менен берилген сунуштарды иш жүзүндө аткарууга тиешелүү каражаттардын бар болуусу
  • туризм тармагында кызмат көрсөтүп жатып, айлана-чөйрөнү коргоо жана эко-демилгелерин өз алдынча ишке ашыруу аракеттери
  • кызматкерлерди окутууга (окууга жиберүүгө) кызыкдар болушу

Сынактын формасын жүктөп алуу үчүн шилтемени басыңыз

  • кызыкчылык катты жана
  • толтурулган форманы

[email protected]электрондук дарегине 2022-ж. 6-февралында саат 18:00 гө чейин жөнөтүү керек

ПЭРЭТО долбоору тууралуу маалымат

Кыргызстан жана Европанын өнөктөш уюмдарынын консорциумуну 2020 - жылдан тарта 2024 - жылга чейин Европа Бирлигинин SWITCH Asia программасынын каржылык колдоосу менен, Кыргызстанда туруктуу керектөө жана өндүрүү (ТӨК) боюнча жана ошондой эле туризм тармагында (ПЭРЭТО) энергия жана ресурстук натыйжалуулугун алга жылдыру, илгерилетүү боюнча иш алып барышууда.

ПЭРЭТО долбоору өнөктөш уюмдардын Борбордук Азиядагы Америка Университети (Кыргызстан), UNISON Group (Кыргызстан), Technopolis Group (Бельгия), Туруктуу Керектөө жана Өндүрүш боюнча Кызматташуу Борбору (Германия) консорциумунда жана Европа Биримдигинин SWITCH-Asia программасынын каржылоосу менен ишке ашырылууда.

Европа Комиссиясынын SWITCH-Asia программасынын максаттарына ылайык, ПЭРЭТО долбоорунун конкреттүү милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

  • туризм секторундагы керектөөчүлөрдүн, чакан жана орто бизнестин ТӨК жана ЭРН жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу
  • туристтик ЧОИнин ТӨК жана ЭРН чараларды көрүү боюнча дараметин жана техникалык даярдыгын арттыруу
  • туризм секторундагы чакан жана орто бизнестин керектөөлөрүнө ылайыкталган жаңы жашыл финансы продуктыларын иштеп чыгуу
  • улуттук диалогго көмөктөшүү жана илгерилетүү, ЭРН жана ТӨК колдонууга карата мамлекеттик деңгээлде саясатты иштеп чыгуу
  • туристтик ЧОИ багытталган ЭРН ыктыярдуу сертификациясын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жолу менен мамлекеттин жашыл экономикадагы максаттарына жетишүүдөгү милдеттенмелерин илгерилетүү

Бул максаттарга жетүү үчүн ПЭРЭТО долбоору чакан жана орто бизнес менен гана эмес, бизнес-ассоциациялар, мамлекеттик органдар, каржы институттары, энергияны үнөмдөөчү технологияны камсыздоочулар, ошондой эле университеттер, жергиликтүү коомчулук жана туристтер менен кызматташат.