Борбор Азиядагы өчүрүүлөр: “жашыл” технологиялар, күн кубатынын артыкчылыктары жана кемчиликтери эмнеде?
26-01-2022

Жакында эле эң ири өзгөчө кырдаал Борбор Азиянын 3 өлкөсүндө болуп, натыйжада дээрлик бүт Кыргызстан, Казакстандын түштүк-чыгышы жана Өзбекстандын түштүк-батыш бөлүгү жарыксыз калган. Алдын ала версия боюнча Казакстандын түйүндөрүндөгү авария себеп болгон.

Ошол эле учурда бул кырдаал Кыргызстанда жаңыланып туруучу электр кубатынын булактарынын (ЖЭБ) негизиндеги жабдууларды киргизүү канчалык маанилүү жана зарыл экенин көрсөттү.

PERETO күндүн кубатынын/күн электр станцияларынын негизги артыкчылыктары жана кемчиликтери жөнүндө HoReCa секторунун (Hotel – Restaurant – Cafe/Catering/Casinoдон кыскартылган) жана туризмдин бизнесмендерине эсине салууну чечти?

Артыкчылыктары:

  • Туруктуулук жана ишенимдүүлүк. Күн кубатын туруктуу негизде жана чексиз өлчөмдө керектесе болот
  • Кандай гана болбосун бардык жерде жеткиликтүүлүк. Борбордук электр тармагынан ажыратылган алыскы аймактарда жашагандар үчүн кынтыксыз туура келет
  • Булгануулардын жоктугу. Нурлардын электр кубатына айлануусу курчап турган чөйрөнү булгабайт
  • Электр кубатынын кору. Өндүрүлгөн ашыкча электр кубатын топтоого боло
  • Электр кубатына кеткен чыгымдардын аз болушу. Өндүрүлгөн (генерацияланган) электр кубатын желдеткичтерди, жарыктарды, уюк телефондорун кубаттоого жана башкаларга колдонсо болот
  • Тейлөө чыгымдарынын төмөн болушу. Ырасын айтканда, зарыл нерсенин бири - жылына бир жолу жарыкты сиңирип алуучу элементтерди тазалоо зарыл

Кемчиликтери:

  • Орнотуу баасы салыштырмалуу жогору. Бирок бул бааны 3-8 жылдын ичинде актаса болот
  • Өндүрүүнү чектөө. Күндүн кубатын күндүз гана пайдаланса болот
  • Айкын аба ырайынын шарттарында төмөнкү натыйжалуулук. Бүркөк жана жаан-чачындуу күндөрү күн батареяларынын натыйжалуулугу бир топ төмөндөйт
  • Чоң орнотмо талап кылынат. Ири объект үчүн чоң орнотмо жана ага жараша чыгымдар талап кылынышы мүмкүн
  • Кымбат коймо. Күндөн айландырылган электр кубаты батареяларда сакталышы керек. Батареялардын наркы арзан эмес.