Кыргызстанда туризм секторунун бизнес өкүлдөрү үчүн электр кубаты жана ресурстардын натыйжалуулугу боюнча арымдуу тренингдер башталат.
17-09-2021

Кыргызстандын "жашыл" экономикага өтүүсүнүн, ошондой эле 20-сентябрдан 18-ноябрга чейин өлкөнүн 7 аймагында PЭРЭTO долбоорун ишке ашыруунун алкагында 2 күндүк акысыз окутуулар кыргыз жана орус тилдеринде өтөт: "Туруктуу өндүрүш жана керектөө чараларын (ТӨК), ошондой эле КРда HoReCa секторун өнүктүрүү үчүн электр кубатын жана ресурстардын натыйжалуулугун (ЭРН) жайылтуу".

Тренингдин максаты ЧОБдун (чакан жана орто бизнестин) регионалдык өкүлдөрүнүн ТӨК жана ЭРН, ошондой эле Кыргызстандын туристтери үчүн тамактандыруу жана турак-жай менен камсыз кылуу (мейманканалар, отелдер, конок үйлөрү, жатаканалар, боз үй лагерлери, тоо-лыжа базалары, ресторандар, кафелер жана чайканалар ж. б.) кызматтары жөнүндө HoReCa меймандостук секторундагы "жашыл" инновациялар маалымдуулугун жогорулатуу.

Тренингдин жүрүшүндө ишкерлер: жеке туристтик объектилерине электр кубатын-жана ресурстарды үнөмдөөчү тажрыйбаны киргизүү бизнесмендерге кандай пайда жана артыкчылыктарды алып келери; бизнести башкаруу тутумуна энергоменежментти кантип киргизүү жана сабаттуу энергоаудит жүргүзүү; стандарттык жылытуу тутумунун оң жана терс жактары эмнеде экени; имараттарды жана жайларды туура жылуулоонун эсебиинен, ошондой эле электр кубатын үнөмдөөчү жарык орнотуу аркылуу чыгашаны кантип азайтууга жана кантип кирешени көбөйтүүгө болору жөнүндө практикалык билимге ээ болушат.

Андан тышкары, тренингдин жүрүшүндө бизнесмендер жаңыланып туруучу электр кубатынын булактары (ЖЭБ) деген эмне экенин, алардын дарамети жана Кыргызстанда кандай "жашыл" инновациялар - жылуулук насостору, ысык суу менен жабдуу үчүн күн коллекторлору (ГВС) жана жылытуу тутумдары, күн электр кубатын иштеп чыгуучу панелдер, биогаз орнотмолору, чакан ГЭСтер жана шамал генераторлору белгилүү болуп пайдаланылып жатканын билишет.

Тренингдин жүрүшүндө өзгөчө көңүл технологияларды жөнөтүүчүлөрдү тандоого жана каржылоого жетүү мүмкүнчүлүгүнө бурулат.

Окутуп-үйрөтүүнүн жыйынтыгында туризм секторунун ишкерлерине алар бүгүн эле өздөрүнүн туробъектилерине, чоң материалдык чыгымдарды салбай, ишке ашыра баштаса болору жөнүндө ТӨК жана ЭРН боюнча сунуштар берилет.

Акысыз тренинге жазылып же кошумча маалымат алуу үчүн www.pereto.kg сайтында көрсөтүлгөн телефондорго (312) 915 000 (кош. 326), 0555 23 13 57 же www.unisongroup.kg (312) 901 216 телефону боюнча байланышсаңыз, ошондой эле Facebook, Instagram, Telegram соцтармактардан алсаңыз болот.