ПЭРЭТО Ысык-Көлдөгү ITF 2023-туристтик көргөзмө-жарманкеде
13-05-2023

Бүгүн, 2023-ж. 13-майда Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий борборунда «ITF 2023» туристтик көргөзмө өтүүдө.

Меймандостук индустриясы электр кубаты натыйжалуу технологияларды жайылтууга олуттуу кызыкдар. ПЭРЭТО долбоорунун командасы өзүнүн "жашыл" аралчасында адистик кеңештерин берет. ПЭРЭТОнун Ысык-Көл областы боюнча адис кеңешчиси – Чолпон-Атадан Кубанычбек Байтиков жана Караколдон Улар Кокоев, Бишкектен долбоордун эксперттери – Бакыт Аскарбеков, Айдар Канатбеков жана Оксана Гудков туристтик объекттерде: мейманканаларда, ресторандарда жана кафелерде кандай “жашыл” чараларды киргизүүгө боло тургандыгы жөнүндө айтып беришүүдө. Биздин чатырда заманбап электр кубаты натыйжалуу технологиялар: күн такталары, инвентор жана электр кубаты натыйжалуу айнектери менен такта көрсөтүлүүдө.

Бардык келүүчүлөр ПЭРЭТО технологияларына абдан кызыгышты жана өздөрүнүн суроолоруна жооп алышты, туруктуу өндүрүш жана керектөө, электр кубатынын жаңыланып туруучу булактары жана жеткиликтүү болуп калган жашыл технологиялар жөнүндө маалымат алышты.

Биздин жашыл чатырга Европа Бирлигинин КРдагы өкүлдөр тобунун программалык менеджери Стефано Коррадо мырза келип кеткенин белгилей кетүү керек. «Алма Вилла» конок үйүнүн мисалында, ал ысык суу жана жылытуу үчүн 2 жылуулук соргучунун орнотмосу кандай иштээрин көрдү. Аянты 2 миң чарчы метрден ашкан мейманкана имараты базальт буласы менен жылууланган, электр кубатын үнөмдөөчү терезелер жана аба алмаштыргычтар, суу тазалоо үчүн чыпкалар орнотулган. Мунун баары ПЭРЭТО долбоорунун алкагында жүзөгө ашырылган.

Көргөзмөгө жалпысынан 200гө жакын компания, анын ичинде турагенттиктер, инвесторлор, туриндустрия рыногунун эксперттери, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, мейманканалар катышты.

КР Туризмди өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, быйыл Кыргызстанга алыскы чет өлкөлөрдөн келген туристтердин саны кеминде 25%га көбөйүүсү күтүлүүдө. 2022-жылы өлкөбүзгө 7,5 млн турист келген.

Ошентип, өлкөбүздүн туристтик дарамети өсүүдө, туруктуу туризмди илгерилетүү темасы болсо барган сайын актуалдуу болуп бара жатат.