Каракол шаарында өткөн тегерек столдун жыйынтыгы боюнча катышуучулардын кепилдемелери жана сунуштары менен Резолюция иштелип чыкты
02-05-2023

Достор, эсиңиздерде болгондой, Ысык-Көл областында туруктуу туризмди өнүктүрүү максатында 2023-жылдын 28-мартында Каракол шаарында ПЭРЭТО долбоору Кыргыз Республикасында ЕРӨБдүн көмөгү жана Ысык-Көл областык администрациясынын колдоосу менен «Ысык-Көл областында туризмди өнүктүрүүдө жашыл технологияларды, туруктуу өндүрүштү жана керектөөнү киргизүүнүн кыйынчылыктары жана мүмкүнчүлүктөрү» аттуу тегерек стол өткөрдү.

Жолугушууга 65тен ашык адам катышты: Туризм департаментинин, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлдөрү, Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол шаарларынын мэрлери, райондук мамлекеттик администрациялардын жана мамлекеттик мекемелердин башчылары, жаратылышты коргоо, туризмди жана ички түзүмдөрдү өнүктүрүү маселелери үчүн жооптуулар, жергиликтүү бийлик органдары, бизнес-бирикмелер, Кыргызстан курорттор бирикмелери, коммерциялык банктар, жашыл технологиялардын жөнөтүүчүлөрү, туризм чөйрөсүндөгү чакан жана орто бизнестин ээлери, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети.

Туризм чөйрөсүнүн жана HoReCa секторунун бардык кызыкдар тараптары КРнын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ №131 "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгынын аткарылышына байланышкан проблемаларды жана талаптарды, ошондой эле жашыл технологияларды жайылтуу үчүн туризм чөйрөсүндө чакан жана орто бизнести насыялоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты жана талкуулашты.

Катышуучулар чакан жана орто туризм ишканаларын колдоо, тазалоочу жайларды орнотууга уруксат документтерин алуунун жүрүшүн жөнөкөйлөтүү жана Ысык-Көл областында туруктуу туризмдин принциптерин жайылтуу боюнча өз кепилдемелерин жана зарыл чараларды сунушташты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча катышуучулардын кепилдемелеринин жана сунуштарынын негизинде расмий жыйынтыктоочу документ – Резолюция иштелип чыккандыгын кубануу менен билдиребиз.

Резолюция Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментине, ошондой эле тааныштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине, Каракол Дестинациясына (географиялык аймак) жана Кыргызстандын курорттор бирикмесине жиберилди.

ПЭРЭТО мындан аркы жемиштүү кызматташууга жана өлкөнүн туризм секторунун туруктуулугун жакшыртууда жалпы максаттарга жетүүгө даяр экендигин билдирет.

Резлюцияны бул жерден окуй аласыз.