Европага таанышуу сапары кандай өттү?
21-04-2023

2023-жылдын 17-синен 21-апрелине чейин «Кыргызстандын туризм тармагында электр кубатынын жана ресурстардын натыйжалуулугун илгерилетүү» ПЭРЭТО долбоору Европага таанышуу сапарын уюштурду.

Кыргыз делегациясынын иш сапарынын максаты – Европа өлкөлөрүнүн HORECA чөйрөсүндө электр кубатынын жана ресурстардын натыйжалуулугу, туруктуу туризм, ошондой эле туруктуу керектөөлөрдүн жана өндүрүштөрдүн принциптерин жайылтуу боюнча тажрыйбасы жана алдыңкы иштери менен таанышуу.

Делегациянын мүчөлөрү Кыргызстандын туризмди жана HORECA секторун өнүктүрүү боюнча негизги уюмдардын өкүлдөрү болуп саналат: КРнын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаменти, КРнын экономика жана коммерция министрлиги, Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору, HORECA Кыргызстан бирикмеси, КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Кыргызстан курорттор бирикмеси, Green Alliance жана Академия туризми.

Жолугушуулар, иш-чаралар жана таанышуу сапарлары эки өлкөдө: 13төн ашык жолугушуу Бельгиянын жана Нидерландиянын 5 шаарында: Брюсселде, Лёвенде, Антверпенде, Гаагада, Роттердамда өттү.

Биринчи күнү эле Кыргызстандын делегациясы Switch Asia программаларынын алкагында Еврокомиссиянын эл аралык кызматташтык жана курчап турган чөйрө боюнча башкы директораттын эксперттери менен жолугушуп, Европа Бирлигинин башка жашыл долбоорлорун толук изилдеп чыгышты.

«Сиздердин региондо жүзөгө ашырылып жаткан Европа Бирлигинин окшош жашыл программалары боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөнү улантуу жана жалпы милдеттерди, көз караштарды жана баалуулуктарды гана эмес, ошондой эле командалардын кесипкөйлүгүн айкалыштыруу маанилүү», - деп белгилешти курчап турган чөйрө боюнча Башкы директораттан кесиптештер.

Эдуардо Сантандер, туризм боюнча Европа комиссиясынын аткаруучу директору. Эдуардо Европа Бирлигинде туризмди туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын башкы багыттары тууралуу айтып берди: “Биз Кыргыз Республикасы менен кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюуга кубанычтабыз. Биз топтогон тажрыйба жана жүзөгө ашырылып жаткан программалар туруктуу туризмди өнүктүрүүгө кол кабыш болот деп ишенебиз”, - деди European Travel Commissionдун аткаруучу директору Эдуардо Сантандер.

Жарандардын жыргалчылыгын жакшыртууга багытталган Кыргыз Республикасынын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасы өлкөнүн туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө милдеттүүлүгүн чагылдырат, буга байланыштуу өлкөбүз үчүн «жашыл» экономиканы илгерилетүү - артыкчылыктуу багыт болуп саналат.

«Албетте, бул Европа Бирлигинин бир катар шаарларынын жана өлкөлөрүнүн стратегиялык башкаруунун жүрүшүндө, анын ичинде курулуш, энергетика, туруктуу туризм, жашыл каржылоо, шаар куруу сыяктуу секторлордо «жашыл» принциптерди жигердүү жайылтуу тажрыйбасы менен таанышууга негизделген ПЭРЭТО долбоорунун демилгеси Кыргызстанда «жашыл» саясатты натыйжалуу жана сапаттуу жүзөгө ашыруунун олуттуу өбөлгөсү болуп калат. Климаттык күн тартибинин жигердүү жактоочулары болгон европалык уюмдар менен жолугушуулар коомдук турмуштун ар кыл жүрүшүндө ийгиликтүү жүзөгө ашырылып жаткан «жашыл» чечимдердин түрдүүлүгү менен тереңирээк таанышууга мүмкүндүк берди. Туруктуу өнүгүү Максаттарынын «эч кимди артка таштабоо» деген негиз болуучу принцибине дал келген мындай маанилүү иш-чараларды уюштурганы үчүн ПЭРЭТО долбооруна, ошондой эле Европа Бирлигиндеги кесиптештерге/өнөктөштөргө ыраазычылык билдиребиз, - дейт Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн башкы эксперти Беназир Нурланова.

Европа Бирлигинин уюмдарынын шаарларында жана жашыл кеңселеринде болгон Кыргызстандын делегациясы Кыргызстандын шарттарында алардын колдонуучулук жана жүзөгө ашыруу жагынан туруктуу туризмди өнүктүрүүнүн ыкмаларын жана жолдорун изилдешти.

Европа Бирлигинин циклдүү экономиканы өнүктүрүү саясаты, шаардык/айылдык өзүн өзү башкаруу органдарынын жана айрым бизнестин деңгээлинде иш алып баруу, керектөөчүлөр менен иштөө жана жашоочулардын жүрүм-туруму, билим берүүнүн жүрүшү жана мерчемдештирүү, мунун баары биздин топ үчүн абдан кызыктуу болду. Алган жаңы таанышуулар жана билимдер өлкөбүздө туризмди туруктуу өнүктүрүүгө мындан ары да көмөктөшөт деп ишенем», - деп жыйынтыктады Юнисон Групптун президенти Нурзат Абдырасулова.

Жолугушуу, презентациялар жана жемиштүү алым-сабактар үчүн бардык уюмдарга: BEUCке, HOTRECке, Лёвен университетинин мурас жана туруктуу туризм бөлүмүнө, Антверпен провинциясындагы Туризм департаментине, Нидерланддык PAKT green hubга, Нидерланд ишкердикти өнүктүрүү банкына (FMO), Rotterdam Partnersко, Good Planetке, ЕБ стандарттары жана эрежелери боюнча экологиялык бирикмеге ыраазычылык билдиребиз.

Сапардын жыйынтыктары боюнча катышуучулардын кепилдемелерин жана сунуштарын ишке ашыруу боюнча жол картасы иштелип чыгат.