К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети - ПЭРЭТО долбоорунун жаңы өнөктөшү
10-04-2023

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети @tynystanov_university - ПЭРЭТО долбоорунун жаңы өнөктөшү экенин кабарлоого кубанычтабыз.

Туризм жана экология бөлүмү окуу программаларын жаңылоо жана туристтик билим берүүдө электр кубатынын жана ресурстардын натыйжалуулугу, туруктуу өндүрүш жана керектөө принциптерин кошуу боюнча кызматташууну баштады.

Бүгүн ПЭРЭТО командасы долбоордун өнөктөшү - @academy_of_tourism_official менен биргеликте профессордук-окутуучулук курамдын катышуусунда Туризм жана экология бөлүмүнүн студенттери үчүн конок лекциясын өткөрүүдө.

ПЭРЭТОнун эксперти Жаныбек Кулумбетов @unisongroupofficial электр кубаты жана ресурстардын натыйжалуулугу темасын жана чакан жана орто ишканалардын туризм чөйрөсүндөгү керектөөлөрүн, бул темаларды студенттердин окуу процессинде алардын билимдери жана билгичтиктери бизнестин, убакыттын жана эмгек рыногунун талаптарына жооп берүү үчүн кантип бириктирүүгө болорун ачып берди

Нургүл Сулаймановна студенттерге Туризм академиясында окуунун жүрүшү кандай жолго коюлганын, окуу пландарынын өзгөчөлүктөрүн жана жаңычылдыктарын айтып берип, студенттерге окуунун 1-күнүнөн баштап такшалмадан өтүү мүмкүнчүлүктөрүн издөөнү, демилгелүү болууну сунуштады. «Биз студенттерибизди ишке орноштурбайбыз, алар өздөрү иш берүүчүлөрдү издеп, кайсы жерден тажрыйба алууну, окууну жана мансапты мерчемдөөнү тандашат», - деди ал.