Ош шаарындагы Айсулуу Манапбаеванын ийгилигинин тарыхы
31-03-2023

Ишкер Айсулуу Манапбаева Оштун борборунда 11 жыл бою чакан бутик иштетип келген. Бирок бара-бара кардарлар азайып, бизнеси мурунку пайданы алып келбей калган. Ушул эле имараттын 2-кабатында А.Манапбаевага таандык “Hostel INN” мейманканасы жайгашкан.

Мейманкана 23 орунга ылайыкталган, ал жерге биздин өлкөдөн, Өзбекстандан, Казакстандан, Европадан туристтер жана спортчулар келишет.

ПЭРЭТО компаниясынын Ош областы боюнча адис кеңешчиси Нурлан Ирисов 2022-жылдын жайында бул бизнес объектиде болгон: Айсулуу Манапбаева эксперттен электр кубатын жана ресурсту үнөмдөө чараларын киргизип, дүкөндү коомдук тамактануу жайына кантип өзгөртүү керектиги боюнча кеңеш сурап кайрылган.

Нурлан Ирисов Айсулууга туризм сектору үчүн @doscredobank_kgден атайын жеңилдетилген насыя алууну сунуш кылды. Айсулуу «Экотуризм» насыясын алып, тамак-аш даярдоо үчүн ашкана жабдыктарын жана инвентарь сатып алды, жертаманды жылуулап, электр кубатын үнөмдөөчү жарыктандырууну, ПВХ терезелерди, абаны алмаштыруучу желдетүү тутумун жана сууну үнөмдөөчү чорголорду орноткон. 2023-ж. февралдын аягында Айсулуу 100 чарчы м. аянтка улуттук жана орус тамактары менен “Алмаз” ашканасын ачты.

«Мен абдан ыраазымын, ПЭРЭТО долбооруна, Нурлан Ирисовго, Доскредобанкка рахмат. Менин көптөн бери ашкана ачуу оюм бар болчу, бирок аны жүзөгө ашырууга эч батына албадым. Баары ойдогудай болду, биздин түйүн кардарлардын арасында абдан белгилүү. Желдетүү тутумун туура орнотуунун аркасында имаратта жагымсыз жыт жок. 2-кабатта конок үй бар, туристтер дайыма эле тамак-аш сурашчу, азыр алар ыраазы, баарына “Доскредобанкка” кайрылууга кеңеш берем”, - деп бөлүштү Айсулуу Манапбаева. Мекеменин белгилүүлүгүн эске алуу менен кеңейтүү мерчемделүүдө.

Адистик кеңеш алуу үчүн Ош шаарындагы Нурлан Ирисов менен 0558 901217, 0708 901217, 0770 901219 телефондору боюнча кайрылууга болот.