Ысык-Көлдүн жээгиндеги боз үй экошаарчасында күн коллекторлорун пайдаланышат - ар дайым ысык суу жана каражаттар үнөмдүү (Кыргызстан)

Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги экологиялык таза, Кажы-Сай айылынан алыс эмес жерде, экотуризмди сүйүүчүлөрдүн арасында эң белгилүү комплекстердин бири жайгашкан.

Комплекс 25 аппак боз үйдөн турган өзүнчө бир айылды элестетет. Комплекске жыл сайын дүйнө жүзүнөн жүздөгөн туристтер келишет. Экокомплекс туристтерге көчмөн элдин маданияты менен аралашууга, чыныгы боз үйдө жашоого мүмкүнчүлүк берет.

Кайра калыбына келүүчү энергетикалык заманбап технологиялардын жардамы менен экошаарча конокторуна, айлана-чөйрөгө зыян келтирбестен, жашоолоруна ыңгайлуу бардык шарттарды камсыз кылат.

Ысык суу менен камсыздоо беш күн коллекторунан турган тутумдун эсебинен ишке ашырылат.

Ысык суу пайдаланууга чейин атайын аккумулятор-челекте топтолуп турат. Аба ырайы бүркөк учурлар үчүн аккумулятор-челекке, кошумча электр жылыткычтары орнотулган. Тутум толугу менен обочо жана экологиялык жактан таза.

ПАЙДАСЫ

Комплекстин ээлери жаратылышка кам көрүүдөн тышкары, каражаттарды кыйла үнөмдөшөт, анткени суу күн кубатынын эсебинен жылыгандыктан, суу жылдын жайкы мезгилинде, активдүү туристтик сезонго жетиштүү. Тутум комплексти ысык суу менен толук камсыз кылып, жылына 18 МВт сааттан ашык электр кубатын үнөмдөйт. Мындай тутумду пайдаланууда атмосферага зыяндуу СО2 чыгындыларын бөлүп чыгаруу 4,8 тоннага төмөндөйт.