Ашкананын жылуулугун кызматчылардын жыргалчылыгына жана экологияга кантип пайдаланса болот? Улуу Британиядагы үй-бүлөлүк ресторандын тажрыйбасы

Мидлтон шаарындагы, Улуу Британия, La Trattoria ресторанынын ашкансы тамак бышырган учурда аябай ысыйт жана үп болот. Мурда ал жерде имарат ичин муздатуу үчүн күн бою соруп алуучу желдеткичтер иштеп турган. Ресторан болсо ысык суу берүү жана желдетүү үчүн мунай казанын тейлегенге жылына 9000ден ашык евро коротчу. Акыр аягында мекеме ашкананын жылуулугун сарамжалдуу пайдаланууну чечти. Анын жолун табышты: алар ашканадан ысык абаны “алып” жана аны сууну жылытканга пайдалана турган жылуулукту кайра иштетүүчү жабдуу орнотушту.

ПАЙДАСЫ

Натыйжада, үй-бүлөлүк ресторан мештерден, муздаткычтардан жана башкалардан иштелип чыккан жылуулук жоготууларынын эсебинен жыл сайын 6000ге жакын евро үнөмдөйт.