Кыргызстандагы электр кубаттуулугу үнөмдүү форель фермасы

Бишкектен жыйырма чакырым алыстыкта, Таш-Дөбө айылынын тоо этектеринде экологиялык жактан таза жерде эс алуучу база жана “Форель” фермасы жайгашкан. 19 жылдан бери компания өз кардарларына чарбанын аймагында өстүрүлгөн даамдуу балыктарды жеп эле тим болбостон, ден соолук үчүн пайдалуу убакыт бөлүүнү сунуштап келет.

Азыркы учурда кафеде жандуу балыктын түрлөрүн тандоону сунуштап, келүүчүнүн көзүнчө кармалып жана бышырылып жаткандыгы эч кимди таң калтырбайт. Бирок ушул идеяны баштап, аны жүзөгө ашырууга чейин ээлери көптөгөн сыноолордон өтүшү керек болчу.

Бүгүнкү күндө эс алуу борборунун аймагында мончо жана мейманкана комплекси, 70 орундуу кышкы ресторан жана 300 орундуу көлмөнүн үстүндө жайгашкан жайкы кафе бар. Волейбол аянтчасы, стол тенниси, жайкысын көлмөдө байдарка менен сейилдөө, кыш мезгилинде муз аянтчасы эс алуу базасынын конокторун активдүү эс алууга түртөт.

2018-жылы компания мончо комплексин, ошондой эле кышкы кафени ысык суу жана жылытуу менен камсыз кылуу үчүн, 8 күн коллекторун орноткон.

Бизнести жашыл технологияларга өткөрүү ушуну менен эле токтоп калган жок. Мончо комплексинде жана мейманканада дубалдары, чатыры жана полу жылууланган.

Компост чуңкурлары базанын аймагында уюштурулган, ал жерде күзүндө жалбырактар чогултулуп, андан кийин жер семирткич катары колдонулат.

«Учурда жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу үчүн сууну жылытууга кеткен чыгым дээрлик нөлгө барабар. Зарыл учурда суу тэндердин жардамы менен керектүү температурага чейин ысытылат. Суу ысып кетпейт, бирок жылыйт, бул биздин чыгымдарыбызга жана ресурстарды керектөөнүн төмөндөшүнө олуттуу таасир этет”, - деп билдирди Кубат Кутушов.