Баткен облусундагы жол жээгиндеги мейманканалар менен кафелер үчүн жаныбарлардын органикалык калдыктарын кайра иштетүүдөн төрт пайда: био- жер семирткич, тамак даярдоо жана жылытуу үчүн биогаз үнөмдөө.

“Техас” эс алуу борбору Кыргызстандын стратегиялык авто жолдорунун бири деп эсептелген Ош - Исфана унаа жолунда (Баткен облусунун Кадамжай району, Кыргызстан) жайгашкан. 2002-жылы ишкер Акбарали Жороев 175-чакырымга айдоочулар үчүн заманбап коомдук даараткана куруп, өз бизнесин түптөгөн. Бизнес жыл санап өсүп, азыркы учурда бул жерде жол жээгиндеги кафе жана мейманкана иштейт. Күн сайын кафе 400гө чейин келүүчүлөрдү тейлейт, ал эми мейманкана 50 кишиге чейин жайгаштыра алат.

Ошондой эле кафе өз кардарларын жеке өндүргөн сүт азыктары менен камсыз кылган фермердик чарбасы бар.

2020-жылы жазында Жороев өнөктөш банк аркылуу KyrSEFF каржылоосуна арыз берип, көп өтпөй макулдук алган. 2020-жылдын март айынын аягында ишкер кредиттик каражаттарга, суткасына 3 тоннадан ашык чийки затты (89-92%дагы нымдуулуктагы кык) иштетип, суткасына 3 тоннадан ашык био-жер семирткичтерди өндүргөн 50 м3 биогаз реакторун ишке киргизди. Бул өлчөм 0,5 гектар жерди семиртүүгө жетет. Ошону менен бирге, орнотмо суткасына кубаттуулугу 300 м2 аянтты жылытканга жетиштүү 90 м3 биогаз иштеп чыгат.

Ишкердин жакынкы пландарында – жыйынтыгында өндүрүлгөн газдын жана жер семирткичтердин көлөмүн көбөйтүү үчүн, фермада ири мүйүздүү малдардын санын көбөйтүү.

Жаңыланып туруучу электр кубаты технологияларын орнотуу боюнча долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу жана кафе-мейманканалардын электр кубатынын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн ишкерге Европа Биримдигинин насыя суммасынан 15% өлчөмүндө грант бөлүндү.

ПАЙДАСЫ

Ишкердин айтымында, жүзөгө ашырылган иш-чаралардын аркасында, ал кафеде жана мейманканада жаратылыш газын пайдалануудан баш тарткан. Мейманкананын имаратын жылуулоо оң натыйжа берди - мейманканада орто эсеп менен электр кубатына айына 80 000 сомдон 20 000 сомго чейин төмөндөдү.