Мейманканаларда электр кубатын үнөмдөө үчүн акылдуу электр кубатын (интеллектуалдуу) үнөмдөөчү түзүлүштөр

"Биздин мезгилде электр кубаты, адамзат активдүү керектеген эң маанилүү ресурстардын бири. Заманбап мейманканалардын бардык номерлери кондиционер, телевизор жана башка электр шаймандары менен жабдылган.

Кондиционер - бул электр кубатын көп «жеген» түзүлүш. Мейманканада коноктор кондиционерди өчүрүүнү унутуп сейилдөөгө чыгып кетишет, же терезелер жана балкон ачык убакта да иштеп турат. Мындай учурларда электр кубаты майнапсыз сарпталат.

Дагы бир майнапсыз чыгым - жарыктандыруу. Мекеменин коноктору бир эле учурда бардык бөлмөлөрдө жарыкты күйгүзүп коёт же номерден чыкканда өчүрүүнү унутуп калышат. HoReCa секторунун мындай «кошумча» чыгымдарын көпкө чейин санай берсе болот.

Айрым чет өлкөлөрдөгү мейманканалар үчүн - бул электр кубатын үнөмдөөчү акылдуу электр ажыраткыч (выключатель) болуп калды. Анын иштөө принциби жөнөкөй электр кубатын үнөмдөөчү түзүлүштүн иштешине окшош: ачкыч картасы электр кубатын үнөмдөөчү электр ажыраткычка салынып турганда бөлмөдөгү бардык электр шаймандарын колдонсо болот. Картаны алып салганда, 10-30 секундадан кийин электр кубаты өчүрүлөт.

Электр кубатын акылдуу үнөмдөөчү түзүлүш ушул мейманкананын ачкыч картасы менен гана ишке кирет. Коноктунбу же мейманкананын кызматчысынынбы картасы түзүлүшкө салынганына карата номердеги тигил же бул түзүлүш иштей баштайт. Мисалы, коноктун ачкыч картасы номердеги бардык түзүлүштү ишке киргизет, ал эми кызматчынын ачкыч картасы негизги жарыкты жана башка шаймандарды колдонбостон, чаң соргучту кошуп, бөлмөнү тазалоо үчүн бир электр туташтыргычты (розетканы) гана ишке киргизет.

Электр кубатын акылдуу үнөмдөөчү түзүлүш электр шаймандарын ачкыч-карта менен өчүргүч катары колдонулат жана мейманканалардын, мотелдердин, пансионаттардын жана санаторийлердин, жатаканалардын бөлмөлөрүндө колдонууга мыкты. Мындай электр кубатын үнөмдөгөн карта которгуч VingCard жетүүнү башкаруу жана контролдоо тутуму менен бирге орнотулган. Электр кубатын үнөмдөөчү электр ажыраткыч менен башкарылуучу схемага, адатта, ар дайым иштеп турушу зарыл болгон муздаткычтардан жана мини-барлардан тышкары, жарык берүүчү жана башка электр шаймандары кирет."