Ысык-Көлдөгү (Кыргызстан) күн коллекторлору бар боз үй комплекси: жайлуулук - эс алуучулар үчүн жана коопсуздук - жаратылыш үчүн (Кыргызстан)

"Статистика боюнча, жылдан жылга экотуризмге кызыгуу барган сайын популярдуулукка ээ болууда. Кыргызстанда жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн туристтердин агымы көп болгон Ысык-Көл облусунда экотуризм өзгөчө жигердүү өнүгүп жатат. Ушундай заманбап эко-объектилердин бири - Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жайгашкан жана жайкы мезгилде 200-300гө чейин конокту кабыл алган Оймо-Таш боз үй комплекси.

Комплекстин ээлери, курулуп жаткан мезгилинде дагы, айлана-чөйрөгө минималдуу таасирин тийгизип, кардарларына татыктуу эс алууну камсыз кылууну максат кылышкан.

Консультанттардын долбоорду баалоосунун натыйжасында, этнокомплекстеги ресурстарды үнөмдөөчү долбоордун негизги иш-чараларынын бири болуп, Европа стандартындагы душ жана дааратканалар үчүн сууну жылытууга күндүн кубатын пайдалануу технологиялары менен жарык үчүн электр кубатын үнөмдөөчү тутумду колдонуу болуп калды.

ПАЙДАСЫ

Адистердин эсептөөлөрү боюнча, бул комплекстүү иш-чаралар жылына 20,28 МВт саат электр кубатын жана 4,83 тонна СО2ни атмосферага бөлүп чыгарууну үнөмдөөгө мүмкүндүк берет."