"Куршабдагы белгилүү чайкана, Кыргызстан, жөнөкөй электр кубаттуулугу үнөмдүү чараларды киргизип ого бетер белгилүү болуп калды"

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында, Кыргызстан, Ош шаарынан 40 чакырым алыстыкта, Ош-Бишкек унаа жолунун боюнда Асатилла Шариповдун чайканасы жайгашкан . Чайкана чоң суроо-талапка ээ, ошондуктан Асатилла Заирович жакын жерге дагы бир имарат куруп, кеңейтүүнү чечкен. Бирок алгач электр кубатын жана ресурстарды үнөмдөөчү имарат куруу ойлонуштурулган.

Жаңы имаратты курууда Асатилла Шарипов электр кубатын үнөмдөөчү материалдарды - дубалдарды, полду жана шыпты жылуулоо үчүн, минералдык кебез жана дем алуучу курулуш пленкаларын колдонду. Бул ага жылуулукту жоготууну 25-30%га кыскартууга мүмкүндүк берди, анткени пленка дубалдарды буу, ным жана шамалдын таасиринен сактайт.

Ошондой эле, чайканага микроклиматты кынтыксыз түзгөн жана ал электр кубаты менен жылуулукту жоготууну орчундуу - 20-25%га кыскарткан электр кубатын үнөмдөөчү терезелерди орнотту.

Азыр чайканада мурдагы алты кабинанын ордуна бардык ыңгайлуулуктагы 14 кабина бар. Чайкананын конокторунун саны 20-30%га көбөйдү, бул дароо кирешенин көбөйүшүнөн байкалды.

Мындан тышкары, бизнестин кеңейиши кошумча жумуш орундарын түздү: чайканада 4 адам туруктуу иштейт, жылуу мезгилде жумушчулардын саны 8ге чейин жетет.