HoReCa мекемелериндеги дубалдарды жылуулоо – акчаны чачып жок кылбоо -жылуулукту – шамалга кетирбөө жолу катары (Кыргызстан)

"Жайлуу жашоо үчүн температура сакталбаган, жылытуусу жок имаратты элестетүү мүмкүн эмес. Бирок жылытуу тутумдары көбүнчө көп чыгымды талап кылат. Эсептөөлөр боюнча, бөлмөгө берилген жылуулуктун 40-55%ы дубалдар аркылуу кетет! Ошондуктан жылуулукту жана акчаны кыскартуу үчүн эң мыкты чечим бул дубалды жылуулоо.

Мындай иш-чара белгилүү бир билимди жана билгичтиктерди талап кылат, өз кезегинде базарда жылуулоочу түрдүү материалдар арбын.

Бишкектеги эки кабат чакан мейманкананын ээси, Кыргызстан, Эдил Күрөңкеев имаратты 150 мм жылуулагычтан турган кабат-панелдер менен жылуулаган.

Кабат-панел - бул эки барак катуу материалдан (металл, ПВХ, ДВП, магнезит плитасы) жана алардын ортосундагы жылуулоо катмарынан турган үч катмарлуу түзүлүшкө ээ курулуш материалы. Кабат панелдеринин бардык бөлүктөрү ысык же муздак пресстөөнүн жардамы менен жабыштырылат.

ПАЙДАСЫ

Аткарылган жумуштардан кийин мейманкананын фасады кооз технологиялык көрүнүшкө ээ болду, аны жылытууга кеткен электр кубаты 25%га кыскарган. Эми мейманкана жылына 5 МВт саатка чейин үнөмдөйт. Атмосферага CO2ни бөлүп чыгаруу 1,1 тоннага кыскарган."