Жергиликтүү продуктуларды жакын жерден алуу жана сууну өлчөө Улуу Британиянын курортун кантип таштандыларды азайтып, үнөмдөп калуусуна жардам берди

Ribby Hall Village - өзүнүн “жашыл программасынын” бөлүгү катары, ресурстардын натыйжалуулугу жана туруктуулугу боюнча ар түрдүү программаларды ишке ашыра баштаган Блэкпул шаарынан алыс эмес үй-бүлөлүк курорт. Мындай иш-чаралардын бири, керектөөчүлүк жүрүм-турумду, инфраструктураны, электр кубатын керектөөнүн эсебин алууну өзгөртүүнү кошкондо, суу ресурсун башкарууну жакшыртуу болгон. Мунун бардыгы “агып кеткендерди” аныктоого жардам берди. Туруктуулукту жогорулатуу максатында тамак азыктарын сатып алуунун жүрүшүнө өзгөчө көңүл бурулду. Ланкашир шаарына жакын жайгашкан 700дөн ашуун жөнөтүүчү ишканалардын тизмесин түзүшкөн. Тамак азыктарын жергиликтүү рыноктордон сатып алуу буйрутма берүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берди, калдыктардын көлөмү кыскарды (баштыктар жана тамак азыктардын таңгагы) жана ташып жеткирүүнү үнөмдөө менен жол аралыгын кыскартууга жетишти. Ribby Hall өзүнүн кайра иштетүү схемасын биринчи жолу 2006-жылы баштаган, 2011-жылы курортто бардык тамак-аш калдыктарын кайра иштетип жаткан тездетилген компостерди орнотушкан. 2012-жылы компания “калдыктардын нөл деңгээлине” жетишкен. 2014-жылы, таштандыларды сорттоочу ишкана (ТСИ) курушкан - курорттун коноктору өзүлөрүнүн таштандыларын сорттой башташкан.

ПАЙДАСЫ

Суу ресурстарын башкаруу программасы 2010-жылы ишке киргенден бери төрт суулардын ири агып- чыгууларын жана 50дөн ашык майда кырсыктарды аныктоого жардам берди. Иштеген алгачкы алты айдын ичинде эле агып чыккан жерди табуу тутуму жыл сайын 1,9 миллион литр сууну сарамжалсыз пайдалануунун алдын алууга жардам берген. 2008-жылдан бери модернизациялоонун аркасында жана жаңылоо иш-чараларынын натыйжасында курорт 11 510 МВт сааттан ашык электр кубатын жана 7130 тонна СО2ни үнөмдөй алды.

Бүгүнкү күндө мейманкананын кайра иштетүү программасынын алкагында 18 ар кыл түрдөгү таштанды калдыктары сорттолот: люминесценттик лампалардан баштап кийимге жана электр шаймандарына чейин.